Дүйнөлүк балет жылдыздарынын эки гала-концертинин алгачкысы 25-ноябрда Бишкектеги Опера жана балет театрында өттү. Артисттер сахнага чыккандан кийин бир катар көйгөйлөр болду — сахнада мезгил-мезгил менен үн жоголуп кеттип жатты.

Балет өнөрүнүн эл аралык гала-концерти 25-ноябрда Опера жана балет театрында өттү. Ал пландалган эки концерттин биринчиси болду — экинчи бөлүгүн көрүүчүлөр 26-ноябрда ошол эле сахнада көрө алышат.

02

Гала-концертке он артист катышып жатат: кыргыз балерондорунан сырткары ага Түркия, Куба, Казакстан, Латвия улуттук театрларынан, Фландриянын (Бельгия) каролдук балетинен, немистердин Ааалто жана француздардын Дю Капитоь театрынан бийчилер келишкен.

Артисттер гала-концерт башталар алдында даярданып жатышат
Артисттер гала-концерт башталар алдында даярданып жатышат

04

05

Артисттер классикалык балет менен бирге учурдагы заманбап балеттердин да үзүндүлөрүн аткарышты. Акыркы номурлардын көбү жандуу музыканын коштоосунда эмес, а «минустун» коштоосунда аткарылды — анткени театрдын жабдуусу бир нече жолу иштебей калып, үн чыкпай калып жатты. Ага карабастан бийчилер үнсүз эле көрүүчүлөрдүн кол чабууларынын коштоосунда бийлерин улантышты.

06

07

08

Казак опера театрынын солисти Азамат Аскаров аны «профессионалдык жактан» чоң кемчилик деп эсептейт.

«Биз өзүбүз профессионалбыз жана андай учурлардан чыгып кете алабыз. Ар кандай мүчүлүштүктөр болот эмеспи, бирок мындай болбогону жакшы», — деди ал.

09

Бирок Аскаров Бишкектин көрүүчүлөрүнүн жакшы экенин белгиледи.

«Качан көрүүчү ушинтип кол чаап, сага жылуу мамиле кылып турганда бийлеген абдан сонун жана баары жакшы өтөт», — деп баалады казак балерону Кыргызстандын көрүүчүлөрүн.

10

Бишкектеги Опера жана балет театрынын алдынкы солисти Марат Сыдыков Kloop.kgге курган маегинде үн берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү жабдуунун эскилиги жеткендиги менен түшүндүрдү.

«Ал эски, эбак эле эскилиги жеткен. Мындай жогорку деңгээлдеги гала-концерттерди өткөрүү үчүн жаңы жабдууларды сатып алууга бизде каражат жок», — деди Сыдыков.

Артисттердин Бишкектеги концертинин уюштуруучуларынын бири Максат Сыдыков техникалык мүчүлүштүктөр аларды «аябай оңтойсуз абалга калтырганын» айтты.

Ал Бишкек театрынын сахнасында ырдап жаткан артисттер тууралуу айтып жатып аларды тандап алуудагы башкы көрсөткүчтөрдүн бири алардын күчтүү харизмасы болгонун түшүндүрдү.

«Биз бул сапат алар сахнага чыкканда сыртка агылып чыгат деп ойлойбуз», — деди ал.

11

14

15

16

17

18

19

Бул сөздөрдү башкалар менен бирге Mi Paloma бийин аткарган Латвия улуттук театрынын солисти Иева Рацене ырастады.

12

13

«Мен үчүн кеп техникада эмес, а эмоцияда. Эң башкысы — сахнага чыгып, көрүүчүлөргө болгон нерсеңди тартуулоо», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Автор: Айдана Канатбек кызы
Видео: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев
Сүрөт: Дмитрий Мотинов, Уулжан Саякбаева