Маданият министрлигинин Улуттук маданият борборунун башкы директору Рыскул Боронбаев мамлекет 25-ноябрда жарык дүйнөгө келген 6 миллионунчу кыргызстандыктын урматына концерт өткөрүүгө 800 миң сом коротконун билдирди.

Рыскул Боронбаев Kloop.kgге курган маегинде акча «анча чоң эмес» театрлаштырылган оюнга, жергиликтүү ырчыларга жана салютка жумшалганын айтты.

Боронбаев 6 миллионунчу кыргызстандыктын төрөлүшү — Кыргызстан үчүн «сенсация» жана ал окуяны «сөзсүз белгилөө керек» деп эсептейт. Концерт Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында өттү.

Алты миллионунчу кыргызстандык 26-ноябрь күнү саат 18:12де Оштогу төрөт үйүндө аскер кызматкери, полковник Алмаз Кожошев менен Разат Белекованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Наристенин салмагы 3,8 килограммды түздү.

26-ноябрь күнү эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлиги пресс-релизи аркылуу алты миллионунчу кыргызстандыкты аныктоо үчүн башында мекеме башчысы Талантбек Батыралиев турган атайын штаб түзүлгөнүн билдирген.

Кожошевдердин үй-бүлөсүн президент Алмазбек Атамбаев жеке өзү куттуктап, бул окуяны Кыргызстандын «туруктуу өнүгүүсүнүн дагы бир маанилүү көрсөткүчү» деп атады.

«Балдар менен өспүрүмдөр Кыргызстандын жалпы жашоочуларынын 33 пайызын түзүшөт. Бул өлкөнүн экономикалык жана руханий гүлдөп өнүгүүсү үчүн чоң потенциалдын, жакшы келечектин бар экендиги жөнүндө айтып турат», — деп жазды президенттин басма сөз кызматы Атамбаевдин айткандарын.

Ошондой эле президент алты миллионунчу кыргызстандыкка 1 млн сомдук депозиттик эсеп ачуу буйругун берди. Андан сырткары өлкө башчысынын фондунан алты миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 10 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам иретинде 100 миң сомдон бөлүнүп берилди.

Беш миллионунчу кыргызстандык — Тынчтыкбек Курамаев — 2002-жылдын 27-августунда төрөлгөн. Анын төрөлгөнүн урматына да концерт уюштурулуп, өлкөнүн ал кездеги президенти Аскар Акаев тарабынан үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берилген.

Автор: Бактыгүл Ракымбаева.
Сүрөт: Tushtuk.kg