Депутаттар артыкчылыктарынын көпчүлүгүн сактап калышты — бул коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратты. Кээ бирлери аны шайлоочуларды алдоо деп атап жатышса, башкалары — артыкчылыктар жаш депутаттардын олигарх депутаттарга көз каранды болбошу үчүн керек деп эсептешет.

Парламент 25-ноябрда мыйзам чыгаруу органынын түзүмүнүн өзгөрбөй сакталып калышын колдоп добуш беришкен — бул депутаттар кол тийбестик, жардамчылар, кызматтык үй, күйүүчү май алуу жана курортторго барып эс алуу артыкчылыктарын сактап калышты дегенди билдирет.

Төрагадан сырткары депуттар баш тарткан жалгыз артыкчылык — бул кызматтык автоунаалар. Бирок депутаттар KG сериясындагы парламенттик номурларын сактап калышты, алар ал номурларын жеке унааларына тагып жүрө алышат.

Артыкчылыктарынын көбүн сактап калуу боюнча депутаттардын чечими коомчулукта ар түрдүү реакцияларды жаратты, өзгөчө шайлоо алдындагы берилген убадалардын фонунда — анткени парламентке өткөн алты партиянын төртөөсү шайлоочуларга артыкчылыктардан баш тарта тургандыктарын айтышкан.

1-реакция: «Өзүбүз күнөөлүбүз»

«Биз өзүбүз күнөөлүүбүз» деген реакцияны «Прецедент» фирмасынын юристи Эдил Эралиев билдирди — ал шайлоочулар жакында өткөн парламенттик шайлоодо эмнеге добуш беришсе, ошону алышты деп эсептейт.

«Партиялар артыкчылыктар, бюджет тууралуу айтып үгүт иштерин жүргүзүшкөн, а азыр болсо алар кайра ал сөздөрүнөн баш тартып жатышат. Мында эми элдин өзү баа бериши керек, анткени алар [депутаттар] берген убадаларын аткарбай жатышат», — деди ал Kloop.kgге.

phoca_thumb_l_5p5a94711

Юристтин пикиринде, артыкчылыктардын бар же жоктугу депутаттардын иштөө жөндөмдүүлүктөрүнө эч кандай таасир этпеши керек — натыйжалуулук эл өкүлдөрүнүн жеке өзүлөрүнө гана көз каранды болот.

«Артыкчылыктар алардын жакшы же начар иштей тургандыктарынын рычагы эмес. Депутаттар өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруучулары болуп эсептелишет, [артыкчылыктар тууралуу маселени] ошолор же эл гана чече алат», — деди ал.

2-реакция: «Бизди алдашты»

Шайлоочуларды алдап, сөздөрүнө тура албагандыктары тууралуу «Жогорку Кеңештин депутаттарынын артыкчылыктары менен жеңилдиктерин жоюу үчүн» деген коомдук кыймылдын өкүлдөрү билдиришти.

Бул кыймыл шайлоо алдында бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн келечектеги эл өкүлдөрүнөн жеңилдиктерден баш тартууларын талап кылган — жыйынтыгында, үгүт иштери жүрүп жаткан маалда партиялардын бир бөлүгү артыкчылыктарынан баш тарта тургандыктарын убадалашкан.

Кыймылдын өкүлү Рита Карасартова Kloop.kgге курган маегинде депутаттардын чечими — «берилген убадалардын көбүнүн аткарылбастыгынын идеалдуу ырастамасы экенин» айтты.

«Мамлекеттин башына каржы каатчылыгынан сырткары көптөгөн адамдарды үй-жайсыз калтырган өлкөнүн түштүгүндөгү жер титирөө сыяктуу көйгөйлөр үйүлүп отурат. А анын баары чоң-чоң чыгымдарды талап кылат. Биздин депутаттар болсо өздөрүнүн кайсыл бир артыкчылыктары жөнүндө ойлоп жатышат», — деди ал.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 70 депутат артыкчылыктардын сакталып калышын колдоп, болгону 36 гана парламентарий ага каршы добуш беришкен». Сүрөт: Sputnik.kg
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 70 депутат артыкчылыктардын сакталып калышын колдоп, болгону 36 гана парламентарий ага каршы добуш беришкен». Сүрөт: Sputnik.kg

Карасартованын пикиринде, эми депутаттардан үлгү алып министрлер, чиновниктер, судьялар жана башка мамлекеттик кызматкерлер бюджеттик каражатты үндөмдөө үчүн жеңилдиктеринен баш тартпай коюулары мүмкүн.

Карасартова эгер депутаттар жеңилдиктерден баш тартса ал бийликтин аткаруу бутактарына да таасир этмек деп эсептейт — эл өкүлдөрү «эмнеге биздин гана артыкчылыктар алынды?» деген принцип менен аларды да жеңилдиктеринен ажыратышмак.

«Депутаттар жолдордо өзгөчө макамдарга ээ болуу үчүн жөнөкөй эле KG номурлардан баш тарткылары келбей жатышат, анан министрлер да: «Депутаттарга уруксат, а бизге уруксат эмеспи?» деп, судьялар: «Баарына мүмкүн да бизге мүмкүн эмеспи?» деп айтып чыгышат. Анан баары тең мамлекеттин акчасынын эсебинен өзүнө укмуш жашоо камсыздагысы келгидей шарттар түзүлөт», — деди ал.

3-реакция: «Жеңилдиктер керек»

Коомдун бул бөлүгү артыкчылыктар башка бийлик бутактары менен мамлекеттик органдарга салыштырмалуу парламенттин күчүн колдоо үчүн зарыл деп эсептейт.

Юристspan style="color: #ff0000;"><a style="color: #ff0000;" Нурбек Токтакунов шайлоо алдында убадалагандай өз жеңилдиктеринен баш тарткан Өмүрбек Бабанов башында турган «Республика — Ата-Журт» фракциясынын демилгесине терс көз карашта.

«Республика-атажуртчулардын» мындай кадамы интертен-аудиториянын арасында жалпысынан колдоого ээ болду. Бирок Токтакунов бул парламенттин алсызданышына алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

«Республика — Ата-Журт» фракциясы артыкчылыктардан баш тартууну активдүү колдоп келгендердин бири болгон жана анын мүчөлөрү 25-ноябрдагы жыйында артыкчылыктардын сакталышына каршы добуш беришти. (Сүрөттө фракция лидерлери, солдон оңго: Талант Мамытов, Өмүрбек Бабанов жана Руслан Казакбаев.)
«Республика — Ата-Журт» фракциясы артыкчылыктардан баш тартууну активдүү колдоп келгендердин бири болгон жана анын мүчөлөрү 25-ноябрдагы жыйында артыкчылыктардын сакталышына каршы добуш беришти. (Сүрөттө фракция лидерлери, солдон оңго: Талант Мамытов, Өмүрбек Бабанов жана Руслан Казакбаев.)

«Эртеби кечпи мындай демилгелер өкмөт менен президенттин администрациясына караганда парламенттин алсызданышына алып келет. Бабановдун миссиясы парламентаризмдин кадырын кетирип, президенттик бийликти күчөтүү окшойт», — деп эсептейт юрист.

Анын пикиринде, артыкчылыктар натыйжалуу иштөө үчүн жаш парламентарийлерге керек.

«Мен көпчүлүк депутаттардын өз акчаларына жардамчыларды жалдап, өз унааларында жүрө аларын түшүнүп турам, бирок олигарх эмес депутаттар да бар эмеспи. Алар эмне кылышы керек?» — деп жазды Токтакунов.

4-реакция: «Жеңилдиктер — жаштарга»

120 орундуу парламент толугу менен олигархтардан турбайт, Жогорку Кеңеште натыйжалуу иштөөсү үчүн артыкчылыктар керек болгон бай эмес жаш депутаттар дагы бар — мындай позицияны «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы Динара Ошурахунова карманат.

«Олигарх-депутаттын кызматтык унаадан, жардамчыларынан жана башкалардан баш тартып жатканы абдан жакшы! Анын акчасы көп болуш керек, ал өз бизнесинин эсебинен хан сарай тургузуп, бир нече Кадилак жана башка нерселерди ала алат болуш керек. Андай болсо ал артыкчылыктардан баш тартууга милдеттүү. Жок дегенде отуруп өз бизнесин коргоо мүмкүнчүлүгү берилгендиги үчүн», — деп жазды Ошурахунова «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Дастан Бекешев (КСДП) менен Жоомарт Сапарбаев («Ата Мекен») «жаштар» делген депутаттар тобуна киришет.
Дастан Бекешев (КСДП) менен Жоомарт Сапарбаев («Ата Мекен») «жаштар» делген депутаттар тобуна киришет.

Укук коргоочу жаш жана демилгелүү депутаттардын бай кесиптештерине көз каранды болушун каалабайт — анын пикиринде, парламентте бир нерсе өзгөртүү каалоосу менен келген эл өкүлдөрү бар.

«Урматтуу жарандык топтордогу кесиптештер — бизнестери жок, бирок парламентке бир нерсе кылуу каалоолору менен келген жаңы депутаттарды кысымга албагыла. Олигарх-депутаттардан каалашыңарча талап кыла бергиле. Мындай болуп жаткан соң мен алардан айлык акыларынан да баш тартышсын деп өтүнөт элем», — деп жазды.

Авторлор: Яна Чуркина менен Перизат Нурланова.