Президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Кыргызстан түрк аскер-аба күчтөрү тарабынан орусиялык аскердик учактын атылып түшүрүлгөндүгү тууралуу «кабарды чочулоо менен кабыл алганын» билдирди.

Президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Түркия менен Орусия 24-ноябрдагы окуядан улам «чектен чыккан аракеттерди жасоодон кармануулары керектигин» билдирди.

«Түзүлгөн кырдаалда чектен чыккан аракеттерди көрүүдөн карманып, чыдамдуулукту көрсөтүп, тез аранын ичинде окуянын бардык чоо-жайын ар тараптуу кылдат иликтеп чыгуу эки тарап үчүн тең жакшы болот», — деп жазды «АКИпресс» маалымат агенттиги Исаковдун айткандарын.

Президенттик администрациянын сырткы саясат бөлүмүн жетектеген Исаков алар түрк-сирия чек арасында болгон окуя тууралуу «кабарды чочулоо менен кабыл алгандыктарын» кошумчалады.

«Азыркы шарттарда бул окуя чыңалууну мындан да күчөтөт. Түрк тарап чукул жана чечкиндүү чараларды көрбөстөн, чыдамдуулугун көрсөтүшү керек болчу», — деп белгиледи өлкө башчысынын аппарат жетекчисинин орун басары.

Бул Түркия менен Орусиянын ортосундагы жаңжалга карата кыргыз бийлигинин алгачкы расмий реакциясы. Кыргызстан окуя боюнча билдирүү жасаган Борбордук Азиядагы экинчи мамлекет болду.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 25-ноябрда расмий билдирүү жасап, анда орун алган «трагедиялуу окуяга» өкүнүп жатканын билдирип, «орусиялык аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу» көңүл айткан (расмий маалыматтар боюнча, атылып түшүрүлгөн учактын учкучтарынын бирөөсү гана каза болгон).

«Көп жылдардан бери уланып келе жаткан орус-түрк мамилелеринин начарлашы олуттуу капалануу жаратууда. Болуп өткөн окуя [Түркия менен Орусия катышып жаткан] антитеррористтик өнөктүктүн натыйжалуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп жазылган казак ТИМинин билдирүүсүндө.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен тараптар «сабырдуулугун көрсөтүп», «абалдын курчуп кетпеши» үчүн бардык чараларды көрүүлөрү керектигин кошумчалашкан.

Атылып түшүрүлгөн Су-24

Окуя 24-ноябрь күнү күндүз болгон — Орусиянын Су-24 аскердик учагы Түркиянын аскер-аба күчтөрү тарабынан Сирия менен болгон чек арасында атылып түшүрүлгөн.

Учактын ичиндеги эки учкуч тең парашют менен секирип кетүүгө жетишишкен, бирок алардын бири жергиликтүү сириялык оппозиция өкүлдөрүнүн колуна түшүп өлтүрүлгөн. Экинчиси болсо 25-ноябрь күнү Сирия аскерлери тарабынан куткарылган.

Атылып түшүрүлгөн Су-24: Түркиянын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн реакциялары

Түркия дароо эле орусиялык аскердик учактын атылып түшүрүлүшүнүн себеби анын сирия-түрк чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөрдүгү болгонун билдирген.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткандыктары тууралуу учактын учкучтарына беш мүнөттүн ичинде «бир нече жолу» эскертүү берилип, андан кийин гана атылганын билдирди.

Куткарылган учкуч орусиялык ЖМКларга курган маегинде алар Түркиянын «чек арасын бузбагандыктарын» айтып берген.

«Биздин учуубуз ракета жарылганга чейин толугу менен мен тараптан көзөмөлдөнүп турган. Мен каратадан жана жерди карап чек аранын кайсыл жакта экенин жана биздин каякта экенибизди сопсонун эле көрүп тургам», — деп жазды ТАСС учкучтун айткандарын.

Орусия президенти Владимир Путин түрк тараптын айыптоолорун четке кагып, учак чек араны бузбагандыгын билдирген — ал Сириянын Түндүк Латакиясында экстремисттик «Ислам мамлекети» уюмуна каршы операция өткөрүп жаткан.

«Бул жоготуу терроризмдин көмөкчүлөрү тарабынан далыбызга урулган соккусуна байланыштуу. Бүгүн болгон окуяны мен башкача түшүндүрө албайм», — деп билдирген ал.

Окуя болгондон кийин Орусия Түркияга каршы дароо бир канча чараларды көрүп баштады:

  • Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги орусиялыктарга Түркияга эс алууга барбоону сунуштады, а Туризм боюнча федералдык агенттик ал тарапка жолдонмолордун сатылышына дароо тыюу салды;
  • Чек арадан Түркиядан келе жаткан 162 тонна тооктун эти кармалды. Россельхознадзордун маалыматы боюнча, алар андан листерия бактерияларын табышкан;

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Түркия менен болгон бардык биргелешкен долбоорлордун токтотулушу мүмкүндүгүн билдирди