Өлкөнүн алты миллионунчу жараны кыз болуп, ал Ош шаарында 25-ноябрда саат 18:12де аскердик кызматкер Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнүн билдирди президенттин басма сөз борбору.

Наристе 3 килограмм 870 грамм салмакта төрөлгөн.

“Наристенин энеси Рахат Белекованын дени сак. Ымыркайдын ден-соолугу жакшы”, — деп билдирет президенттин басма сөз борбору.

Алты миллионунчу жаранга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бир миллион сомдук депозиттик эсеп ачууга буйрук берген. Ал эми алты миллионунчу наристе менен бир убакта төрөлгөн дагы он баланын үй-бүлөсүнө бир жолку жардам ирээтинде жүз миң сомдон берилмекчи.

Кыргызстандын алты миллионунчу жаранынын урматына бүгүн Бишкектин борбордук аянтында концерт өткөрүлүүсү күтүлүүдө.