Өлкөнүн алты миллионунчу наристеси 25инен 26-ноябрга караган түнү жарыкка келген. Аны учурда өкмөттүк комиссия тактап жатат, белгилүү болгондо анын атын президенттин жарыялашы күтүлүүдө.

Кыргыз басылмалары Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме жасап, алты миллионунчу жаран, 25-ноябрдын кечки саат 6дан 26-ноябрдын таңкы 6га чейин төрөлгөн, өлкөдөгү 122 наристенин арасынан бири болоорун жазып чыгышты.

Учурда наристенин кайсы аймактан жана ким экенин өкмөттүк комиссия тактоодо. Белгилүү болоору менен аны өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин расмий жарыялоосу күтүлүүдө, деп белгилешет жергиликтүү басылмалар.

Азырынча алты миллионунчу жарандын качан аныкталаары тууралуу так маалымат бериле элек. Ал ортодо Кыргызстандын алты миллионунчу жаранын тосуп алуу үчүн бүгүн Ала-Тоо аянтында Бишкек мэриясынын концерт уюштуруусу күтүлүүдө.