Kloop Media каалоочулардын баарына кантип толугу менен бекер сайт түзүп, «Андроид» операциялык системасынын негизинде иштей турган түзмөктөр үчүн мобилдик тиркемелерди жасоону бекер үйрөтөт. Сабактар 2015-жылдын 30-ноябрынан 11-декабрына чейин өтмөкчү.

Kloop Mediaнын тажрыйбасы көрсөткөндөй, ЖМКлар, бейөкмөт уюмдар жана кичи бизнестер командасында уюмдун интернет керектөөлөрүнө ыкчам мамиле жасоого жөндөмдүү техникалык адис болгон шартта ийгиликтүү иштеп кете алат. Тилекке каршы, анчалык чоң эмес уюмдардын көбүндө андай адистер жок жана өнүгүүнүн алгачкы баскычтарында алардын ишин уюмдун жетекчилигинен бирөө аткара алат жана аткарышы керек болот.

Эгер силер өзүңөрдүн интернеттеги аракеттериңерди күчөткүңөр келсе, анда бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдалангыла.

Тренингде сиздер төмөнкүлөрдү үйрөнө аласыңар:

  • Бекер сайт түзүү
  • Androidдин негизинде иштеген мобилдик тиркемени дээрлик бекер түзүү
  • Сайт менен тиркемени кантип суроо-талапка ээ кылуу
  • WordPressти орнотуу
  • Тиркемени Play Marketке чыгаруу
  • Интернеттеги бекер сервистерди пайдалануу
  • Резервдик көчүрмөлөрдү жасоо жана башка көптөгөн нерселер
Ринат Тухватшин, Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири
Ринат Тухватшин, Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири

Тренингди Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири  Ринат Тухватшин өткөрөт. Анын берген тапшырмаларынын бардыгын тең аткаруу үчүн силердин кеңседе уктап же үйдө түнөбөй калууңар толук мүмкүн.

Каалоочулардын баары тең киргизиле турган тренингдин алгачкы күнүнөн кийин 25 катышуучу тандалып алынат. Биз аларды ресурстун (контенттин) мазмунуна жооптуулар жана иштеп чыгуучулар деп экиге бөлөбүз. Тренингдин соңунда иштеп жаткан сайттар менен тиркемелерди көрсөтө турган командаларды калыптандырабыз.

Алгачкы 5 күндөн кийин тренинг эң мыкты командалар үчүн гана улантылат.

Маанилүү:

Окутуу 10 күн бою эртеден кечке чейин болот .

  • Катышуучулар тренингде (кийин сайтты колдой турган) жеке жабдууларына ээ болуулары керек: компьютер (процессору кеминде i3, дискте 50 ГБ бош орун) жана Android базасындагы телефон.
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютер жана смартфон/планшет менен болжолдуу колдоно билүүсү зарыл.
  • 100% катышуу 3000 сомдук күрөө менен камсыздалат, ал тренинг аяктагандан кийин кайтарылып берилет.

Тренингге катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруп жиберүү керектелет:

    Аты-жөнү*

    Эмейли*

    Телефону*

    Уюмунун же ЖМК аталышы

    Сайттын сүрөттөлүшү: кандай кызмат көрсөтүү үчүн ачуу керек

    "Windows" ОС менен иштөө деңгээли*
    Тажрыйбалуу колдонуучуБашталгыч

    "Андроид" ОС менен иштөө деңгээли*
    Тажрыйбалуу колдонуучуБашталгыч

    Сабактарга ар күнү жана калтырбай катыша турганымды тастыктайм

    * Сөзсүз түрдө толтурулушу керек