Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 25-ноябрдан тарта “Биз ар түрдүүбүз, биз бирдейбиз” урааны менен сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Бишкек жана Токмок шаарларынын жаш сүрөтчүлөрүнүн 100дөй эмгектери коюлган.
Көргөзмөнү 15-24 жаштагы сүрөтчүлөрүнүн эмгектери түзгөн. Эмгектердин баары 2015-жылы тартылган.
“Балдарга кураторлору “Биз ар түрдүүбүз, биз бирдейбиз” темасын берген. Ошонун негизинде бул эмгектер жаралды. Сүрөттөр 2015-жылы тартылган”, — деп билдирди Kloop.kgге көргөзмөнүн менеджери Ольга Зайцева.