Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын баасынын 79 сомго чейин көтөрүлүшүнө объективдүү себептердин жоктугун жана америкалык валютанын курсунун жогорулашы «чайкоочулук чабуулдардан» улам болуп жатканын билдирди.

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Абдыгулов «кимдир бирөө» Кыргызстандын валюталык рыногунда «жасалма ажиотаж» түзгөнүн, андан улам доллардын курсу көтөрүлүп жатканын билдирди.

Улуттук банктын 26-ноябрдагы расмий курсуна ылайык, бир доллар 74,1 сомдон сатылууда. 26-ноябрь күнү күндүз айрым ЖМКлар Бишкектин акча алмаштыруу жайларында америкалык валютаны 79 сомдон сатып жаткандыктарын билдиришкен.

«Азыркы тапта валюталык рынокто болуп жаткан нерсени чайкоочулук чабуул катары мүнөздөөгө болот, анткени бүгүн доллар 79 сомдон сатылды, бирок мен бул жакка келгенче ал 1,5 сомго төмөндөдү», — деп билдирди Улуттук банктын башчысы.

Абдыгулов Кыргызстанда доллардын курсун жөндөө үчүн каржы регулятору кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу 1-декабрда айтарын кошумчалады.

24-ноябрдан бери Улуттук банк америкалык валютанын курсун түзөтүү үчүн интервенция катары 22 млн. АКШ долларын короткон

«Азыр Кыргызстанда доллардын мындай баада болуусуна эч кандай себеп жок. […] Менимче, жакынкы убактарда валюталык рынокто түзөтүү болот, андан ары биз акырындык менен улуттук валютаны бекемдейбиз», — деди Абдыгулов.

Анын пикиринде, азыр Кыргызстанда доллардын чыныгы баасы — 75-76 сом.

Коммерциялык банктардагы чектөөлөр

Ошондой эле Толкунбек Абдыгулов 2015-жылдын ноябрынан тарта кыргыз коммерциялык банктары киргизген долларды сатуудагы чектөөлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, чектөөлөр «кимдир бирөө» курстардын айырмачылыгынан пайда көрүп жатат деген шектенүүлөрдөн улам киргизилген — Улуттук банк коммерциялык банктарга долларды 72,1 сомдон сатып жатса, акча алмаштыруу жайларында болсо америкалык валютаны жыйырма тыйынга кымбат сатып алып жаткан

«Биз [бир долларды] 72,10 сомдон сатып жатканда акча алмаштыруу жайлары аны 72,30дан алып жатышкан. Тактап айтканда, акча алмаштыруу жайларына караганда коммерциялык банктарда сатуу арзаныраак болгон. Анда өзүнчө эле бизнес болуп кеткен: адамдар коммерциялык банктардан [доллар] алып, аны акча алмаштыруу жайларына сатууга чуркап калышкан», — деди Абдыгулов.

Абдыгулов 26-ноябрдан баштап ал чектөөлөр алынып, Улуттук банк ал талаптын аткарылышын көзөмөлдөй турганын билдирди.

«Бүгүнкү күндөн тарта коммерциялык банктарда доллар сатып алууда эч кандай чектөөлөр болбойт жана биз эртеңден баштап ал талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алабыз. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктарда доллар жетиштүү», — деп түшүндүрдү ал.

«Кыргыз экономикасынын алсыздыгы»

Каржы жана экономика тармагы боюнча эксперт Искендер Шаршеев Kloop.kgге курган маегинде доллар дүйнө жүзү боюнча кымбаттап жатканын жана бул болгону «кыргыз экономикасынын алсыздыгын» түшүндүрөрүн билдирди.

«Бажы биримдигине кирүү менен биз сатуу рыногуна, тактап айтканда, Орусия менен Казакстанга катуу көз каранды болуудабыз. Анан албетте биз экономикалык көрсөткүчтөрүбүздү жоготуп жатабыз», — деп эсептейт ал.

Ал сомдун курсунун кескин төмөндөшү — чет өлкөлөргө экспорттоло турган жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр менен кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн «алтын убак» экенин кошумчалады.

Анын пикиринде, доллар 90-100 сомго чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн — бул инновациялык экономиканын жоктугунан улам болууда.

«Эгер өкмөт кандайдыр бир чараларды көрбөсө, анда өлкөдөгү абал абдан начарлап кетиши мүмкүн — социалдык жарылууларга, революцияга, радикалдык реформаларга чейин», — деди ал.

Кызмат көрсөтүү жана соода тармагындагы ишканалардын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев «Азаттык» радиосуна курган маегинде доллардын кымбатташынын башкы себеби катары экспорт менен импорттун ортосундагы терс балансты атаса болорун билдирген.

«Мурда ал эмгек мигранттарынын чет өлкөлөрдөн которгон акчаларынын эсебинен түзөлүп турган, анткени алардын акчасы сомго айланып, терс факторлор жөндөлүп турган. Азыр андай жок», — деп жазган «Азаттык» анын айткандарын.

Анын пикиринде, доллардын кымбатташынын экинчи себеби мезгилдүүлүк — жылдын соңунда ишкерлердин негизги бөлүгү келишимдерин жабышат.

«Кийинки себеп — биздин мамлекеттик органдар бардык кызмат көрсөтүүлөр менен товарлар үчүн улуттук валютада төлөм жүргүзүү тууралуу учурдагы мыйзамдын аткарылышын натыйжасыз көзөмөлдөп жатышат. Айлыктардын сом менен берилип жатканы менен коммерциялык жана турак-жай мүлктөрү үчүн төлөмдөр доллар менен жүргүзүлүүдө, үй, автоунаа сатуу, алуу — доллар менен», — деген Пономарев.

Доллардын кымбатташы

Бул америкалык валютанын курсунун 2015-жылдын ичинде Кыргызстанда үчүнчү жолку көтөрүлүшү:
• биринчи толкун фермерлердин күйүүчү-майлоочу май сатып алуу үчүн валютага болгон мезгилдүү суроо-талабынан улам апрелде болгон;
• экинчи толкун мунайга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнөн улам Казакстан улуттук валютасы теңгени эркин кое бергенден кийин августта болгон.

Автор: Ханзаада Нурадилова.