Бишкектин Жол кайгуул кызматы шаар тургундарынын даттанууларынан улам «Транспорт каражаттарын эвакуация кылуу боюнча «Аргымак» кызматы» аталышындагы жеке компания менен болгон келишимин бузду. Бишкектиктерди автоунааларды эвакуациялоо үчүн ал компаниянын өзүнчө төлөм алышы нааразы кылган.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева Kloop.kgге берген маегинде келишим унаалардын эвакуациясы үчүн «Аргымак» компаниясы ала турган өзүнчө төлөмдүн өлчөмүнө карата «эреже бузгандар тарабынан даттануулардын көбөйгөндүгүнөн» улам бузулганын айтты.

«Эреже бузгандардын көбү эвакуация боюнча кызматтын өзү үчүн төлөм алынып жатканына даттанып жатышат — көпчүлүк учурларда айдоочулар буга макул эмес. Алар каршы. Буга байланыштуу ЖКК келишимди бузду», — деди Бекмурзаева.

Ал келишим бузулгандыктан эми Бишкекте туура эмес жерге токтотулган автоунаалар эвакуацияланбай турганын, анткени эвакуатор бизнеси «бекер иштөөгө макул эмес» экенин билдирди.

«Биз айдоочулардын эвакуация үчүн өзүнчө акча төлөө керектигине нааразы болуп жаткандыктарын айттык, а бекер иштөөнү эч ким каалабайт», — деп кошумчалады Бишкек ЖККсынын басма сөз катчысы.

Анын айтымында, эми Жол кайгуул кызматы «көчөлөрдү өз күчү менен тазалоого аракет кылат» — эреже бузгандарга карата Административдик жоопкерчилик кодексинин 235-беренесинин үчүнчү бөлүмүнө ылайык протоколдор түзүлүп турат.

«Эми биз өз күчүбүз менен жолдорду тазалоого аракет кылабыз — өзгөчө шаарда унаалар абдан көп болгон «час пик» маалдарында. […] Тилекке каршы дагы бир көйгөй бар — бизде 400 миң автоунаага кызматкерлер жетишпейт, алардын саны аз», — деди Бекмурзаева.

ЖКК эвакуация компаниясы менен келишимин Башкы прокуратура мажбурлап эвакуациялоо жана эвакуатордун кызматы менен атайын унаа токтотуу жай үчүн өзүнчө төлөмдүн алынышы боюнча текшерүү иштерин баштагандан эки күн өткөн соң бузууда.

Автоунааларды эвакуациясы

Жеке компаниялар туура эмес жерлерге токтотулган автоунааларды эвакуациялап баштагандыгы тууралуу алгачкы билдирүүлөр 2015-жылдын жаз айларында пайда боло баштаган.

Унааларды эвакуациялоо менен «Транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча «Аргымак» кызматы» деген компания алектенип, автоунааларды өзүнүн айып унаа токтотуу жайына алып барып турган.

Автоунаа ээлери өз транспорт каражаттарын алып кетүү үчүн ЖККга 1000 сом өлчөмүндөгү айып жана эвакуация менен унаа токтотуу жай үчүн жеке компанияга 1500-2000 сом төлөөгө мажбур болуп келишкен.

Жеке компанияга өзүнчө акча төлөө бишкектик автосүйүүчүлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Активист Айбек Баратов кыргыз мыйзамдарында унаа каражатынын эвакуациясынын чыгымдарын төлөп берүү тууралуу ченем бар экенин, бирок ал деталдаштырылбаганын, кимге жана канча төлөө керектиги түшүнүксүз экенин билдирген болчу.

«Мамлекеттик органдардын кандай гана ишмердүүлүгү болбосун ал укуктук-нормативдик актылар менен тартипке салынып турушу керек. Бирок өкмөттүк деңгээлде кабыл алынышы керек болгон автоунааларды эвакуациялоонун тартиптери тууралуу негиз болуучу жобо жок. Азыр эвакуация ЖКК менен «Аргымак» компаниясынын ортосундагы келишимдин негизинде жүрүп жатат, бирок ал келишим мага, башка жарандарга таасирин тийгизип, тиешелүү болбошу керек», — деп билдирген ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде.

ЖКК менен аталган компаниянын ортосундагы келишимге юридикалык тарап каттоодон өткөндөн кийинки эле күнү кол коюлган. Бул өз кезегинде активисттер менен бир катар ЖМКлардын шектенүүлөрүн жараткан.

Баратов ЖКК менен «Аргымактын» ортосунда коррупциялык схеманын бар болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Бишкек ЖККсынын башчысынын орун басары Нурбек Молдогазиев «Азаттыкка» берген маегинде ал компаниянын негиздөөчүсү менен жеке тааныш экенин мойнуна алып, бирок бул алардын бизнес менен алектенүүсүнө тоскоолдук кылбашы керектигин билдирген.

Сүрөт: vb.kg.