Октябрь райондук соту пара талап кылууга айыпталып жаткан Жол кайгуул кызматынын инспекторлору менен штаттан сырткаркы кызматкерине карата өкүм чыгарууну 8-декабрга калтырды. Алар 2015-жылдын жай айларында жол активисти Болот Ибрагимов жарыялаган видеонун башкы каармандары болушуп, ага байланыштуу кызматтарынан алынышкан болчу.

Бишкектин Октябрь райондук соту пара талап кылууга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыпталып жаткан Бишкектин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору менен штаттан сырткаркы кызматкеринин акыркы сөздөрүн укту.

Соттун аларга карата өкүмдү бүгүн чыгарары күтүлүп жаткан, бирок судья Чынгыз Адамкулов өкүмдү 8-декабрга белгиленген кийинки жыйынында окуй турганын билдирди.

Активист Болот Ибрагимов менен анын досторунан пара талап кылуу иши боюнча айыпталуучу катары үч киши өтүп жатат — Бишкектин жол кайгуул кызматынын мурдагы эки инспектору жана Интернеттин кыргыз сегментинде «Дрыщ» деген атка конгон штаттан сырткаркы кызматкери Адилет Жунусов.

Ибрагимов Kloop.kgге курган маегинде ал достору менен сот жообуна тартылып жаткандарга карата сөзсүз түрдө эркинен ажыратууга милдеттендирген айыптоо өкүмүнүн чыгарылышына жетишүүгө аракет кылбагандыктарын айтты

«Биз башынан эле кимдир бирөөнү темир тор артына каматууну максат кылып, ага жетишүүгө аракет кылган эмеспиз — ЖКК кызматкерлерин да, аларга көмөктөшүп жаткандарды да», — деди ал.

Айтымында, анын акциясынын максаты бийликтин көңүлүн кайрадан укук коргоо органдарындагы коррупциянын дэңгээлине көңүл бурдуруу болгон.

«Максаты коррупция көйгөйүн, бизде унаа уурдап качкан же террорист болушу мүмкүн болгон адамдардан пара алуу мүмкүндүгү көйгөйлөрүн көрсөтүү болгон. Бул фактыны ИИМдин жетекчилиги да, ЖККнын жетекчилиги да моюндарына албай келишкен. Ошондуктан биз андай фактыны көрсөтүп берүү чечимине келгенбиз, бирок кимдир бирөөнү каматууну каалаган эмеспиз», — деп кошумчалады Ибрагимов.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал окуя менен Ибраимовдун жарыялаган видеосу ЖККнын дарегине көптөгөн сын-пикирлердин жаралуусуна себеп болгон.

Алгач Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги кызматкерлерине сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирлерден кийин мекеме аларды кызматтан кетирген.

Көйгөйгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да көңүл буруп, анын кызматкерлери 14-июлда «Дрыщ» деген атка конгон Адилет Жунусовду колго түшүрүп, аны «пара талап кылууга» жана «ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланууга» айыптаган.

Июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Жунусов беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн айткан.

Автор: Антон Козяев