Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы «Huawei Technologies Bishkek Ltd.» компаниясынын жетекчилигин Ошто волокондук-оптикалык байланыш линиясын тартуу боюнча долбоордун баасын 3 млн. АКШ долларына көбөйтүүгө айыптады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 27-ноябрда тараткан пресс-релизинде «Хуавей» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кытайдын Эркештам шаарынан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулаткандыгы жазылган.

Буга байланыштуу кызмат компаниянын бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алды. «Хуавейдин» Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленди.

«Тергөө тарабынан аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Ош-Эркештам» волокондук-оптикалык байланыш линияларын куруу боюнча долбоордун алкагында иштерди аткаруу боюнча жасалма келишимдерди түзүү менен жасалма тендерге катышып, анын жыйынтыгында долбоордун баасын 118 млн. сомго жогорулаткандыгы аныкталды», — деп жазылган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматы боюнча, «факты жүзүндө» байланыш линияларын курууга кеткен чыгым 300 миң АКШ долларын түзгөн, ал эми документтер боюнча 3 млн. доллар жумшалгандыгы көрсөтүлгөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз борборунан «кесепеттери болбошу үчүн» деп «Huawei Tech.Investment» компаниясын жоюлуп, анын ордуна «Huawei Technologies Bishkek Co Ltd.» компаниясын түзгөндүктөрүн айтышты.

«Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн Кытайдын тиешелүү органдарынан келчү жоопту күтүп жатабыз», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Азырынча «Хуавей» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндөгүлөр бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«Хуавей» компаниясын алдамчылыкка айыптоо тууралуу алгачкы билдирүүлөр 2015-жылдын июнунун аягында пайда болгон — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кытайдан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линиясын куруудагы «алдамчылык» фактыларын аныктаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Кыргызтелеком» компаниясы — улуттук телекоммуникациялык оператор — аталган линияны куруу боюнча 2013-жылы «билип туруп пайдасыз келишим» түзгөн.

«Кыргызтелеком» ААКсынын башкы директору «М.М.» «Хуавей» компаниясынын өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, алар менен «Ош — Эркештам» волокондук-оптикалык байланыш линиясын куруу тууралуу формалдуу келишим түзгөндүгү аныкталды. Ошол эле маалда «Хуавей» компаниясында байланыш линияларын курууга лицензиясы жок болгон», — деп билдиришкен анда УКМКдан.

«Эркештам-Ош» байланыш линиясынын курулушу Кытай өнүктүрүү банкынын насыясынын эсебинен каржыланган. Линиянын узундугу 250 чакырымды түзгөн.

2013-жылы «Кыргызтелеком» курулуш иштерине жумшалган каражат 3 млн. АКШ долларын түзгөнүн, ал эми курулуш иштерине пайдаланылган жабдууларга 400 миң долларга жакын кеткенин билдирген.