26-ноябрь күнү кечинде белгисиз адамдар дин таануучу Кадыр Маликовго кол салышып, бет тушуна бычак сайып кетишкен. Бишкектин Октябрь райондук милиция бөлүмү «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү издеп жатат.

Көз карандысыз «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликовго кол салуу 26-ноябрь күнү кечинде Бишкектин түштүгүндө, «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүнүн алдында болгон.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтары боюнча, ал кечки саат 18:45те дүкөндөн чыгып, анын унаасынын жолун тосуп алган жаш балдардан унаасын жылдырып коюуларын өтүнгөн.

«Экинчи жолу кайрылганда алардын ортосунда айтышуу болуп, ал мушташка чейин жеткен. Анын жүрүшүндө белгисиз адамдар аны бет тушка сайып кетип калышкан», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө

Маликов Бишкектин №4 ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. «Спутник» жаңылыктар агенттиги оорукананын дарыгерине шилтеме жасоо менен Маликов бети жана моюну жактан жаракат алганын жазды.

Ички иштер министрлиги 27-ноябрь күнү эртең менен дин таануучуга кол салуу фактысы боюнча «бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Учурда [милициянын] ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги короодон BMW үлгүсүндөгү автоунаа табылды, шектүү адамдардын ким экендиктери аныкталды, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Азырынча Маликовдун өзүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Маликов Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.

Ал 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшү керек болчу. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.

Андан сырткары Маликов бачабаздык үчүн өлүм жазасынын киргизилиши боюнча өткөн акцияларга дайыма катышып келген. Ал «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорлорун колдойт.