Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан улам шаардын борбордук бөлүгү дээрлик толугу менен жарым саатка электр жарыгысыз калды, деп билдиришти «Электр станциялар» компаниясынын басма сөз кызматынан.

«Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматынын башчысы Тагжана Айдаралиева Kloop.kgге курган маегинде Бишкектин жылуулук электр борборундагы жабдуу саат 15:00дө аварияга учураганын билдирди.

«Шаардын борбору Бишкек ЖЭБиндеги — анда электр жабдуулар бар — электр зымдардын биринчи системасындагы ажыраткычтарды пландуу күйгүзүү маалындагы авариядан улам электр жарыгысыз калган», — деди ал.

Айдаралиеванын айтымында, Бишкектин Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине жана Тыныстанов көчөсүнөн Жаш гвардия гүлбагына чейинки аймагы электр жарыгысыз калган.

«Түндүк электрден» электр жарыгы Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана Ибраимов (Правда) көчөсүнөн Жаш гвардия гүлбагына чейинки аймакта жок болгонун билдиришти.

Айдаралиева авария болгон жерде адистер иштеп жатканын, а электр жарыгын берүү калыбына келтирилгенин кошумчалады.

Жарым саат бою соода борборлорунда, мектептерде электр жарыгы болгон жок, ал эми айрым жерлерде жол чырактары иштебей, транспорт кыймылын оорлотту.

«Твиттердин» Арзымат Алдаяров аттуу колдонуучусу ири көчөлөрдүн кесилишине ЖКК кызматкерлери «ыкчам» чыгышып, унаа кыймылын көзөмөлдөгөндүктөрүн билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооруканалар штаттык режимде иштөөсүн улантышкан — аларда электр жарыгы өчкөн эмес. Kloop.kgнин кабарчысы Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан СПИД борборунда да электр жарыгы өчкөнүн билдирди.

КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн «Твиттердеги» баракчасы аркылуу парламент имаратында да жарык өчкөнүн билдирди — ал имаратта ошондой эле президенттин жумушчу орду жана анын аппараты жайгашкан.

Бул акыркы беш жыл ичинде Бишкекте болгон экинчи авария — 2011-жылдын январында ЖЭБдеги авариядан улам шаардын дээрлик 80 пайызы жарыксыз калган.