Өткөн аптада Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы базарга соодагер алып келген чоң картошка тургундардын көңүлүн бурду.

Картошканын таразага койгондо анын салмагы 1 килограм 300 граммды көрсөткөн. Сатуучунун айтымында, картошка Ош облусунун Алай районунда өстүрүлгөн.

Соодагер аны сатпастыгын, кийинчерээк үйүнө алып барып коёорун айтты.

Учурда 1 килограм картошканын баасы Баткен облусунда 9-12 сомдон болууда.

Uchkorgon_Kartoshka (7) Uchkorgon_Kartoshka (6) Uchkorgon_Kartoshka (5) Uchkorgon_Kartoshka (4) Uchkorgon_Kartoshka (3) Uchkorgon_Kartoshka (2) Uchkorgon_Kartoshka (1)