Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары менен көйгөйлөрү, мамлекеттин ишкерлик тармагына тийгизген таасири тууралуу Kloop.kgге «Business Focus» форумунун машыктыруучулары айтып беришти. Форум 28-ноябрда Борбордук Азиядагы Америка университетинде өттү.

Кыргызстан Борбордук Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизнес жүргүзүүнүн шарттары боюнча алдынкы орундарда турат — мындай пикирин «Менеджмент боюнча кеңешчилердин институтунун» аткаруучу директору Азамат Аттокуров билдирди.

«Биз мунай менен газга таяна албайбыз, бирок адамдык ресурстарга таянабыз. Мындан улам биздин жаштар көп нерселерди билүүгө ашыгышат, [аларда] өтө жакшы идеялар бар жана биздин ишкерлер тобокелчиликке баруудан коркушпайт», — деп эсептейт ал.

Бишкектеги маркетологдор клубунун негиздөөчүсү Артур Зотов өлкөнүн калкынын анчалык көп эместигинин эсебинен кыргызстандыктар көптөгөн тармактарды билип, аларды түшүнүүгө аргасыз деп эсептейт.

«Биз ошол эле адамдар тар адистешкен Казакстанга салыштырмалуу көп нерсени түшүнө билебиз. Алар ишти баштап, жыйынтыгында акча таба алышат. Бирок кийин жөнөкөй эмес кырдаалдарга туш болгондо алар туура чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз болуп чыга келишет[… ]», — деди Артур Зотов.

Ал Кыргызстандыктарда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана алар өздөрүн «акча иштеп табууга мүмкүн болгон бардык жерде» сынап көрүшөрүн белгилдели.

«Business Focus» ишкерлик форумунун уюштуруучуларынын бири Алтынай Жумашева Кыргызстанда бизнестин өнүгүшүнө тоскоол кылып жаткан эки негизги көйгөй болуп бюрократия менен коррупция эсептелерин айтты.

«Бизнести юридикалык жактан колдоо жана мамлекет тараптан берилчү зарыл документтерди алуу процесстерин оптималдаштыруу керек», — деп эсептейт ал.

Бизнес-машыктыруучу Светлана Ахмедгалиева жамаатта жетекчилик кол алдындагы кызматкерлерге кам көрүп, аларга сый мамиле кылган достук атмосферанын болушунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жалпысынан биздин ишкерлер менен адамдарга өз кызматкерлерине болгон сый мамиле, сүйүү жетишпейт деп ишенем. Ал эмес мен азыр «персонал» деп айтып жибере жаздадым: мына мен боссмун, а силер — персоналсыңар. Биз өнөктөштөр сыяктуу эле кызматкерлер менен да мамилени өнүктүрө албай келебиз. Биз көпчүлүк убактарда: «мен жумуш берүүчүмүн, а силер мен каалагандай кылышыңар керек», деп ойлойбуз», — деп эсептейт ал.