Катуу түрткөндөн кийин чоң айнек эшик аракетке көнүп, көрүүчүнү имараттын ичине өткөрөт. Алгачкылардан болуп аны музейдин бардык мейкиндигин толтурган муздак, көк жыттанган аба тосуп алат. Мында бардык нерселер, ал эмес тынчтык дагы көптөгөн жылдар мурункудай болуп убакыт арасында катып калгандай сезилет.

Кең залдарда искусство артефактылары көрүүчүлөрдү үнсүз тиктешет. Кээ бирде көрүүчүлөрдүн өзүлөрү — көргөзмө предметтери сыяктуу эле музейдин экспонаттары — бул жерге суктанууга өтө сейрек келгендей сыяктанат. Байыркы нерселердин ар бири жакындаган көрүүчүлөргө деталдуу түрдө тарыхты айтып берүү менен аларды мурдагы замандарга жетелейт.

Өткөндөгү менен азыркы

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи 1934-жылдан бери Кыргызстандын көркөм баалуулуктарын сактап келет — ал жылы алгачкы республикалык көргөзмө ачылган болчу. Андан бери музей дайыма кыргыз чеберлеринин эмгектери менен толукталып келет.

Жаш көрүүчү
Жаш көрүүчү

Расмий ачылышы: 1935-жылдын 1-январы;
Музейдин коллекциясы: 18 миңге жакын даана;

Экспонаттардын болжолдуу саны:

Сүрөттөр — 4000 даана;
Графика — 9600;
Скульптуралар — 1000;
Декоративдик-колдонмо искусствосу — 3000.

Мурдагы убактарда музей жаңы көркөм эмгектерди чогултуп, көргөзмөлөрдү уюштуруу менен көрүүчүлөрдү көп кабыл алчу.

Азыр болсо музейге болгон кызыгуу негизинен жетекчилик тараптан уюштурулган иш-чаралардын аркасы менен сакталып турат. Экспонаттардын өзүлөрү чоң аудитория чогулта албайт — болгону чет өлкөлүктөр, кокусунан кирип калган көрүүчүлөр менен искусство менен чыгармачылыктын фанаттарынан турат.

Ошол кездеги мастер класстар...
Ошол кездеги мастер класстар...
... жана азыркылары
... жана азыркылары

Наталья Олеговна — Гапар Айтиев атындагы музейде кароочу. Бизге курган маегинде ал музейдин мыкты жылдарын эскерди — 70-жылдардын аягында мында белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин түп нускалары коюлчу: Иван Айвазовский, Василий Верещагин, Иван Шишкин жана Николай Майков.

«Ал кезде бул жер эң заманбап жана жаңы имарат болгон. Ал учурда мындай имараттар абдан эле аз болчу. Бардык залдар ачык болуп турчу», — деди ал.

«Эгер азыр салыштырсак, анда менин таасирлерим музейдин пайдасына эмес. Анткени азыр экспозициялардын бардыгы жабык, скульптуралар толук курамда эмес, орус залы толугу менен сактоодо, Чуйков залы, постсоветтик мезгилдин залы — баары тең сактоодо», — деп улантты ал.

Убакыттын өтүшү менен музей билим берүүгө чоң басым жасап баштаган. Акыркы үч жыл ичинде музейде карапачы өнөрү, граттаж [картонго чукуп сүрөт түшүрүү], 3D-моделдештирүү, живопись боюнча мастер-класстар өткөн.

Балдар үчүн уюштурулган ошол кездеги мастер-класстар...
Балдар үчүн уюштурулган ошол кездеги мастер-класстар...
... жана азыркылары.
... жана азыркылары.

Ал иш-чаралар интерактивдик оюндар менен коштолгон. Долбоор иштеп баштагандан бери ага 3000ге жакын балдар жана 3500дөй чоң адамдар катышышкан.

Ич-чаралардын башкы максаттары — музейде билим берүү ишмердүүлүгүн жана балдарга маданият менен Кыргызстандын мурастары тууралуу көбүрөөк айтып берүү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.

Музейдин 70-жылдардагы ачылышы…
Музейдин 70-жылдардагы ачылышы…
… жана музейдин ошол эле бөлүгү бүгүнкү күндө.
… жана музейдин ошол эле бөлүгү бүгүнкү күндө.

80 жыл көргөзмө

Долбоорлордун координатору Чолпон Тентиеванын айтымында, мында өткөн акыркы масштабдуу иш-чара — бул галереялардын 80-жылдыгына арналган «Музейдеги түн».

Музейдин 80-жылыгын белгилөө
Музейдин 80-жылыгын белгилөө

«Биздин белгилүү сүрөтчүлөрүбүз андагы биргелешкен чыгармачылыкка, элдин кызыгуусуна таң калышкан. Корей живописи боюнча Жумабек Базарбаевдин арт-классы өтүп жаткан залда алгачкы эмгек аяктап калганда андагылардын баары кол чаап жиберген бир учур болгон. Сүрөтчүнүн айтымында, ал укмуш, «Лувр» музейиндегидей болгон», — деди ал.

Музейдин ошол кездеги көрүүчүлөрү…
Музейдин ошол кездеги көрүүчүлөрү…
… жана азыркылары.
… жана азыркылары.

Тентиева музейдин жетекчилиги кантип көбүрөөк көрүүчүлөрдү тартып, кантип өнүгүүсү керектигин билиши үчүн аларга ар бир пикир маанилүү экенин айтат.

Бош убакытты өткөрүү жайларын тандоонун кеңдигинен улам музейлер кардарлар үчүн күрөшүүдө утулуп калып жатышат — кыргызстандыктар музейлерге караганда кафелерге, кинотеатрларга, боулинг-борборлорго, караоке же бильярд клубдарына көбүрөөк барышат.

07-1 07-2

Музейлердин утушка ээ болуп жаткан жалгыз нерсеси — бул алардын баасы болсо керек. 10 же 20 сомду кошумча билим менен таасирлерге алмаштыруу — оор эмес. Анткени искусство чыгармалары аны дубалдардын артына катып же жертөлөлөрдө кармап туруу үчүн эмес, а аны баалап, сындап жана суктануу үчүн жаратылат эмеспи.

09

Авторлор: Калия Кубатбекова жана Уша Раджак.
Сүрөт авторлордуку; архивдик сүрөттөр Г.Айтиев атындагы музейден алынды.