Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы сомго карата «чайкоочулук чабуул жасоого» «ФинансКредитБанктын» Бишкектин Моссоветинде жайгашкан өкүлчүлүгүн айыптады. Анын айтымында, 25-ноябрда банктын казыначысы доллардын жогорулатылган алмаштыруу курсун коюп, андан улам анын айланасындагы акча алмаштыруу жайларында да америкалык валютанын курсу жогорулаган.

Өткөн аптада доллардын курсунун кескин жогорулашына «ФинансКредитБанктын» (ФКБ) Бишкектин Абдырахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өкүлчүлүгү тарабынан жасалган «чайкоочулук чабуул» себеп болгон. Бул тууралуу 1-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 25-ноябрда банктын өкүлчүлүгүнүн казыначысы жетекчилиги менен макулдашпастан эле доллардын алмашуу курсун 78 сом деп белгилеген — ал кезде Бишкекте доллардын курсу 75 сом деңгээлинде болгон. Абдыгуловдун айтымында, ФКБнын артынан эле анын айланасындагы акча алмаштыруу жайлары да америкалык валютанын курсун кескин жогорулатып башташкан.

26-ноябрга карата доллардын курсу шаарда 79 сомго чейин жеткен.

«Биз банкка инспекция жөнөтүп, текшерүү жүргүзүп, бул фактыны аныктап туруп казыначыны жумуштан алууну сунуштадык. Директорлор кеңешине болсо банктын жетекчилигине карата чара көрүү маселесин карап көрүүнү сунуштадык», — деди Улуттук банктын төрагасы.

Өткөн аптада доллардын курсунун кескин жогорулашынан улам Улуттук банк сомдун курсун колдоо үчүн рынокко эки жолу валюталык интервенция менен чыккан. Алардын жүрүшүндө банк 17,2 миллион доллар короткон.

Азыр доллардын рыноктук курсу 75-76 сомдун деңгээлинде кармалып турат, 1 декабрга карата америкалык валютанын расмий курсу 75,86 сом болууда.