«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты кесиптештерине батирлерден, унаалардан, жардамчылардан, медициналык тейлөөдөн жана курал алып жүрүү укугунан баш тартууну сунуштады.
«Республика — Ата-Журт» фракциясынан парламентарий Мирлан Жээнчороев депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Документ эл өкүлдөрүнө «Жогорку Кеңештин депутаттарынын макамы тууралуу» мыйзам менен берилген жеңилдиктерди кыйла кыскартууну сунуштайт.
Эгер Жээнчороевдин мыйзам долбоору кабыл алынса депутаттар кайсыл артыкчылыктарынан ажырашат:
• жардамчыларынан;
• кызматтык турак жайынан;
• мамлекет кызматтык турак жай бере албаган учурда төлөнчү компенсациядан;
• коомдук транспортто бекер жүрүү укугунан;
• кызматтык транспорттон;
• аймактарга баруу үчүн берилчү транспорттон;
• мейманканаларга кезексиз жайгашуу артыкчылыктарынан;
• ыйгарым укуктары аяктагандан кийин ишке орношууга болгон кепилдиктен;
• медициналык тейлөөлөрдөн;
• санитардык-курорттук жана турмуш-тиричиликтик камсыз кылуулардан;
• курал алып жүрүү укугунан.
Жээнчороевдин айтымында, депутаттарга берилген жеңилдиктерди кыскартуу жылына мамлекеттик бюджеттен 240 млн. сом үнөмдөөгө шарт түзөт. Парламентарий ал акчаларды билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданиятка, спортко жана балдар жөлөкпулдарын төлөөгө багыттоону сунуштап жатат.
«Депутаттарга түрдүү жеңилдиктердин берилиши советтик номенклатуранын атавизми – жөнөкөй жарандардын алдындагы элиталык артыкчылык болуп эсептелет. Эгер алар чынында эле эл өкүлү болушса, анда алар бардык мамлекеттик, социалдык, жеке жана башка кызматтарды, турмуш-тиричилик камсыздандырууларын жалпы тартипте алуулары керек», — деп жазган Жээнчороев мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатка.
Жээнчороевдин маалыматы боюнча, азыр 120 депутатты кармап турууга салык төлөөчүлөрдүн каражатынан жылына дээрлик 800 млн. сом бөлүнөт.
Депутат парламент өзүнүн мисалында бюджетти кантип оптималдаштыруу керектигин көрсөтүшү зарыл экенин жазган. Жээнчороевдин айтымында, артыкчылыктарды кыскартуу депутаттарга реформалардын бардык натыйжалуулуктарын сезүүгө мүмкүндүк берет.
«Мындай аракеттер эл өкүлдөрүнүн элдин арасында болуп, объективдүү маалыматтарга ээ болуусуна жана жарандардын нормалдуу жашоо кечирүүсүн камсыз кылуу максатында системаны бюрократиядан арылтуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаттарын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүүсүнө мүмкүндүк берет», — деп жазган депутат.
«Популизмден улам парламентаризм жабыркоодо»
Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков «популисттик чечимдерден» улам Кыргызстанда парламентаризм жабыркашы мүмкүн деп эсептейт. Ал парламенттин чыгымдарын кыскартуу керек деп эсептейт, бирок «акыл менен».
Баатырбеков Kloop.kgге курган маегинде парламентарийлерге бериле турган кызматтык турак жайдан толук баш тартуу туура эмес болорун айтты.
«Бизде өз жерлеринде жакшы таанымал, татыктуу деп эсетелген аймактардан келген депутаттар бар. […] Ал жакшы добуштарды алган, анын аймакта абройу жогору, бирок анда Бишкекте жашоого каржылык мүмкүнчүлүгү жок. Ал депутатты мамлекет [турак жай менен] камсыз кылышы керек. Ал эми кимдир бирөө турак жайга муктаж эмес болсо да аны талап кылып жатса — ал таптакыр туура эмес», — деп эсептейт депутат.
Баатырбеков кызматтык унаалардан баш тартууну «популизм» деп атады. Айтымында, анткени депутаттар аймактарга чыгып өкүлчүлүк кызматтарын да аткарууга милдеттүү.
«Эгер азыр бир кишиге бир такси жалдаса — мисалы, Бишкектен Ат-Башыга чейин 400 чакырым жүрүү керек болот — ал туура эмес болуп калат», — деди ал.
Депутат парламентарийлер персоналдуу кызматтык унаалардан баш тартса болот, бирок Жогорку Кеңеш 120 унаанын ордуна мисалы, 20-25 унааны нөөмөткө калтырып коюушу керек деп эсептейт.
Баатырбеков өлкөнүн Конституциясында жазылганына карабастан депутаттык кол тийбестиктен баш тартуу коомчулук үчүн көбүрөөк мааниге ээ болот деп эсептейт.
«Көпчүлүгү депутаттык креслодо отуруу менен жоопкерчиликтен бошотулушууда — мына, ошондой болбошу үчүн», — деп түшүндүрдү парламентарий.
Азырынча автоунаалардан гана баш тартышты
Депутаттардын артыкчылыктарын кыскартуу маселеси ушул жылдын ноябрынын аягында Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитип жатканда парламенттин күн тартибинде болгон.
Анда депутаттар (төрагадан башкасы) кызматтык автоунааларынан баш тартып, бирок калган бардык артыкчылыктарын сактап калышкан болчу.
Бул өздөрүн депутаттарга алданып калгандай сезип жаткан коомдун бөлүгүнүн нааразычылыгын жараткан — анткени парламентке өткөн алты партиянын төртөөсү шайлоочуларга артыкчылыктардан баш тарта тургандыктарын убадалашкан болчу.
«Жогорку Кеңештин депутаттарынын артыкчылыктары менен жеңилдиктерин жоюу үчүн» кыймылынын өкүлү Рита Карасартова Kloop.kgге курган маегинде эгер депутаттар жеңилдиктерден баш тартса, ал бийликтин аткаруу бутактарына да таасир этмектигин айткан.
«Депутаттар жолдордо өзгөчө макамдарга ээ болуу үчүн жөнөкөй эле KG номурлардан баш тарткылары келбей жатышат, анан министрлер да: «Депутаттарга уруксат, а бизге уруксат эмеспи?» деп, судьялар: «Баарына мүмкүн да бизге мүмкүн эмеспи?» деп айтып чыгышат. Анан баары тең мамлекеттин акчасынын эсебинен өзүнө укмуш жашоо камсыздагысы келгидей шарттар түзүлөт», — деген ал.
«Парламенттин алсызданышы»
Юрист Нурбек Токтакунов шайлоо алдында убадалагандай өз жеңилдиктеринен баш тарткан Өмүрбек Бабанов башында турган «Республика — Ата-Журт» фракциясынын демилгесине терс көз карашта.
«Эртеби кечпи мындай демилгелер өкмөт менен президенттин администрациясына караганда парламенттин алсызданышына алып келет. Бабановдун миссиясы парламентаризмдин кадырын кетирип, президенттик бийликти күчөтүү окшойт», — деп эсептейт юрист.
Анын пикиринде, артыкчылыктар натыйжалуу иштөө үчүн жаш парламентарийлерге керек.
«Мен көпчүлүк депутаттардын өз акчаларына жардамчыларды жалдап, өз унааларында жүрө аларын түшүнүп турам, бирок олигарх эмес депутаттар да бар эмеспи. Алар эмне кылышы керек?» — деген Токтакунов.