УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эки мурдагы министрге жана Коргоо министрлигинин бир нече кызматкерине каршы бюджеттик каражатты өзүнө алып алуу жана мыйзамсыз пайдаланууга байланышкан үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Абибила Кудайбердиев
Абибила Кудайбердиев

Мурдагы коргоо министрлери Таалайбек Өмүралиев менен Абибилла Кудайбердиев, ошондой эле мекеменин бир нече кызматкери кызмат абалын кыянат пайдаланууга, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө алууга, коротууга айыпталып жатышат.

Бул иш боюнча алар менен бирге «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын башкы директору да өтүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, 2013-жылдын апрелинде Коргоо министрлиги менен «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын ортосунда Ошко жатакана куруу боюнча 82 млн. 475 миң сомдук келишим түзүлгөн.

Бирок ишкана курулуш иштерин баштабастан эле ошол жылдын майында жалданма компания катары «Ояма» ЖЧКсы менен көрсөтүлгөн суммага жатакананын курулушу боюнча келишим түзгөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, Өмүралиев менен Кудайбердиев келишимдин шарттарын бузуу менен аткарылган иштердин актылары жок эле «Аскер Курулуш» ишканасына 91 млн. 362,5 миң сом мыйзамсыз которгон.

Таалайбек Өмүралиев
Таалайбек Өмүралиев

2013-жылдын майынан сентябрына чейин ишкана Коргоо министрлигинен түшкөн каражаттан келишимдин шарттарын бузуу менен «Оямага» акча жана курулуш материалдарын бөлүп берип турган жана ал акча каражаттары эки жылдан ашык фирманын мыйзамсыз жүгүртүүсүндө болгон.

«Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын башкы директору бюджеттик каражаттарды өзүнүн жеке максаттарына, ошондой эле министрликтин башка белгилүү кызматтык адамдарынын кызыкчылыктарына пайдаланган», — деп ишендирүүдө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.

Кызмат келишимде көрсөтүлгөн каражаттан сырткары Коргоо министрлиги «Аскер Курулуштун» эсебине 46 млн. 559,1 миң сом которгонун жана ал акча учурда ЖЧКнын мыйзамсыз жүгүртүүсүндө экенин билдирүүдө.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2015-жылдын 5-ноябрында парламенттин чечими менен жоюлган — өкмөттүн жаңы курамын бекитүү менен мыйзам чыгаруу органы мекемени Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет менен алмаштыруу чечимие кабыл алган.

Автор: Эвелина Зайцева