Айдоочулардын жоопкерчиликтерин камсыздандыруу тууралуу жаңы мыйзам 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирет. Анын кандай иштей тургандыгы жөнүндө Kloop.kgнин материалынан окуңуздар.

ОСАГО деген эмне?

ОСАГО (обязательное страхование гражданско-правовой ответственности) — жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу. Ал унаа кырсыгы болгон маалда жабырлануучунун алган жаракаттары үчүн төлөмдөрдү, ал эми каза болгондордун туугандарынын компенсация ала алуулары үчүн керек. Камсыздандыруу ошондой эле жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу чыгымдарын да жабат.

Аны менен катар камсыздандыруу компаниясы кырсыкка күнөөлүү болгон айдоочунун унаасын оңдоого байланышкан чыгымдарды төлөп бербейт.

Мыйзам транспорт каражаттарынын ээлерин автоунаа сатып алгандан же ээликтен ажыратуу укугу тууралуу ишеним кат алгандан кийинки беш жумушчу күндүн ичинде өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттендирет.

ОСАГОну жыл сайын узартып туруу керек болот.

Эгер унаа ээси өз убагында камсыздандыруудан өтпөсө, анда ага айып пул төлөөгө туура келет. Азырынча анын өлчөмү белгисиз.

Камсыздандыруунун өзү 2 миң сомдун айланасындагы каражатты түзөт. Так сумма айдоочунун канча жылдык тажрыйбасы бардыгына, автоунаасынын чыгарылган жылына жана башка факторлорго жараша болот.

ОСАГО эмне үчүн керек?

ОСАГОну киргизүүнүн максаты — жабырлануучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Ал жол транспорт кырсыктарынын жабырлануучуларына келтирилген зыяндын орду толтурулаарын кепилдеши керек.

Азыр жол кырсыгынан улам ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана каза болгондордун туугандарына компенсация төлөп берүү менен кырсыктын күнөөкөрү өзү алектенет.

Каржы рыногун тартипке салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат ОСАГОну киргизүү зарылчылыгын жылдан-жылга унаа каражаттары менен жол кырсыктарынын санынын өсүп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Кызматтын маалыматы боюнча, 2014-жылы 7 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Жыл сайын унаа кырсыктарынан 1 миңден ашык киши каза болуп, 10 миңден ашыгы түрдүү жаракаттарды алышат.

«Эгер күнөөкөр тараптын мүмкүнчүлүгү болсо [жабырлануучулардан] кимдир бирөө компенсация алышы мүмкүн, а негизинен эч ким деле албайт», — дейт Камсыздандыруунун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Калматова.

Ал КМШ өлкөлөрүнүн ичинде жалгыз Кыргызстанда гана ОСАГО киргизиле электигин айтты.

12_1024

ОСАГО камсыздандыруусу менен ким алектенет? Автоунаа ээси камсыздандыруу компаниясын кантип тандашы алуусу керек?

Транспорт каражатынын ээси камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзүп, өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин камсыздандырылышына өз алдынча кам көрүүсү керек болот.

ОСАГО берүү укугуна ээ болгон камсыздандыруу компанияларынын тизмеси алар аккредитациядан өткөндөн кийин Каржы рыногун тартипке салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын сайтына жарыяланат.

Менин автоунаам бар. Демек, 7-февралдан кийин мен тез аранын ичинде ОСАГО алууга шашылышым керекпи?

Жок. 7-февралда автоунаа ээлеринин жоопкерчиликтерин камсыздандыруу системасы үчүн укуктук база болуп эсептелген мыйзам гана күчүнө кирет. Бирок бул системанын өзү ошол күндөн тарта иштеп баштайт дегенди түшүндүрбөйт — алгач камсыздандыруунун бул түрүн бере турган камсыздандыруу компанияларынын тизмесин аныктоо керек болот.

Андай компаниялар атайын мамлекеттик аккредитациядан өтүүлөрү керек болот. Андан кийин гана автоунаа ээлери ОСАГОну алуу үчүн кайрыла ала турган фирмалардын тизмелери белгилүү болот.

Азырынча ал тизмени аныктоо процессинин канчага созулушу мүмкүндүгү түшүнүксүз. Ошондуктан сиздин камсыздандыруу алуу тууралуу чындап ойлонуп баштай турган күн да так белгисиз.

IMG_0093.CR2_

Келтирилген чыгымдар кантип бааланат жана компенсация кантип төлөнөт?

Камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнчү сумма 550 миң сомдун айланасындагы каражатты түзөт: адам өлүмү үчүн компенсация — 200 миң сом, ден соолукка зыян келтирүү үчүн — 200 миң сом жана жабырлануучунун унаасы үчүн — 100 миң сом. Бул сумма жабырлануучулардын, каза болгондордун жана жол кырсыгына катышкан унаалардын санына карабастан бир кырсык үчүн гана төлөнчү төлөм.

Келтирилген зыяндын суммасын камсыздандыруу компаниясынын эксперти баалайт. Эгер жабырлануучу келтирилген зыяндын бааланган суммасы менен макул болбосо, анда анын башка эксперттин кызматтары менен пайдаланууга укугу бар.

Автор: Эвелина Зайцева