Швейцариянын Ивердон шаарындагы концерттик залдардын биринин бетинде кыргыздардын DOXA арт-тобунун сүрөтчүлөрү тарабынан тартылган граффити пайда болду. Анда ооз комузчан кыргыз кызы көрсөтүлгөн.

Ивердон шаарында 30-ноябрда ачылган граффитиде кыргыз жана швейцар улуттук оймолорунун фонунда ооз комузда ойноп жаткан кыргыз кызынын образы тартылган.

DOXA арт-тобунун граффитини тарткан мүчөсү Сергей Келлердин айтымында, бул эмгек «Синегорье» деп аталган кыргыз-швейцар биргелешкен долбоорунун алкагында тартылган.

«Бул көргөзмө швейцариялык «көчмө искусство» уюму жана Ивердон шаарындагы заманбап искусство музейи тарабынан уюштурулган. Жайында бизге Швейцариядан сүрөтчүлөр келип кетишкен — алар биздин сүрөтчүлөр менен бирге Ысык-Көлдү айланып чыгышкан. Анан биздин граффити тартуубуз үчүн Швейцарияга чакырышкан», — деп билдирди Келлер.

Граффитинин үстүнөн иштөө
Граффитинин үстүнөн иштөө

Ал кесиптеши Дмитрий Петровский менен бирге аткарган граффитини тартуу үчүн аларга бир аптага жакын убакыт талап кылынганын кошумчалады.

«[Граффитидеги кыз] ооз комузда ойноп жатат, андан чыккан күүгө алыс эмес жерде жайгашкан көлдөгү балык сүзүп келүүдө. Биз музыка темасын тандап алдык, анткени ал бардык элдерди бириктирет, ал тилге да, чек араларга да ээ эмес — ал баарына түшүнүктүү», — деди сүрөтчү.

Анын айтымында, жакынкы убактарда Бишкектин көчөлөрүндө DOXA тобунун авторлугунда бир нече аэрография менен инсталяциялар пайда болот, бирок ал азырынча алардын мазмундарын сыр бойдон калтырды.

a8fb77ee-c000-4f20-b63c-c3e8e6e5f4d6

DOXA тобунун эмгектери жана аларга карата реакциялар

DOXA арт-тобу буйрутма менен борбордогу жана анын сыртындагы имараттардын дубалдарына тарткан чоң көлөмдөгү социалдык маанидеги граффитилеринин аркасы менен Бишкекте жана жалпы Кыргызстанга белгилүү болуп калган. Алардын эң белгилүү эмгектеринин бири болуп Семен Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» деген аталыштагы сүрөтүнүн Бишкектеги имараттардын биринин беттине түшүрүлгөн ремейки эсептелет.

DOXA тобунун эмгегинде белгилүү сүрөт жаңы заманбап өзгөчөлүктөргө ээ болгон — андагы кыз Бишкектин борборунда колуна планшеттик компьютер кармап турат.

DOXA тобунун Боом капчыгайындагы тосмолордун бетине түшүрүлгөн 2015-жылдын 26-июнундагы граффитилери коомдо өзгөчө резонанс жараткан. Анда балбал таштар менен илбирстер тартылган. Ал сүрөттөр Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбар эсептелген илбирстерди коргоо чакырыктары менен коштолгон.

11659281_435143023332709_7863635481766399991_n

Граффити кыргызстандыктардын арасында көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан. Активист Мирбек Асаналиев башынан эле ал сүрөттөргө каршы чыккан — анын пикиринде, анда көрсөтүлгөндөр «кыргыздарды кемсинтет».

«Мурду менен ооздору мультфильмдегидей кыйшык тартылган сүрөттөрдү өчүрүп же боеп салуу керек. Биз улуттук картинанын маданиятына дал келген сүрөттөрдү тарта турган сүрөтчүлөрдү издеп жатабыз», — деп билдирген Асаналиев Kloop.kgге.

8-августта сүрөттүн каршылаштары анын бир бөлүгүн, анын ичинде манасчы Саякбай Каралаевге окшош делинген балбалдын сүрөтүн дагы боеп өчүрүшкөн.

graffity_boom-gorge_MiAs_03

Сентябрдын башында «Кырк чоро» кыймылынын башчысы Замирбек Көчөрбаев Боом капчыгайындагы граффитинин өз вариантын сунуштаган — анда «Манас» эпосундагы көрүнүшөр көрсөтүлгөн.

Боомдогу граффитинин «Кырк чоронун» версиясындагы эскизи
Боомдогу граффитинин «Кырк чоронун» версиясындагы эскизи

Автору: Сезим Каныбекова