Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаменти автордун уруксаты жок пайдаланылган кадрларды кошуп кышкы туризмди жарнамалаган видеотасма жарыялады. Министрлик аны бир нече кыргыз телеканалдарынын эфирине берүүнү пландап жатат.

Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жаңы жарнамалык видеосу алгач YouTube видеохостинг сервисине жарыяланган.

«Туризм департаменти атайын кышкы туризмди жана спорттун кышкы түрлөрүн пропагандалоо үчүн «Кыргызстан — асман тиреген тоолордун өлкөсү» деген бренд менен видеотасма тартты», — деп жазды «КирТАГ» маалымат агенттиги департамент директорунун орун басары Михаил Кимдин айткандарын.

Видеотасмада башка кадрлар менен бирге Кыргызстанга мүнөздүү болбогон көрүнүштөр да көрсөтүлгөн — кыргыз тоо лыжа базаларында видеодо көрсөтүлгөндөй фуникулёрлор жок — аны Kloop.kgге курган маектеринде бир нече базанын өкүлдөрү ырасташты.

«Биздин базада фуникулёрлор жок, болгону креслолу гана көтөргүчтөр бар. Азырынча Кыргызстанда фуникулёрлор жок», — деди «Орловка» тоо лыжа базасынын өкүлү.

YouTube сервисинин колдонуучулары видеонун төмөн жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө андагы кадрлардын баарынын тең Кыргызстанда тартылганынан күмөн санап жаткандыктарын билдиришкен. Мисалы, Kirill Aktash деген колдонуучу Маданият министрлигинин видеосу «шектенүү жана алдоо сезимдерин» жаратканын жазган.

«Муну менен силер өлкөнүн жагымдуулугун көтөргүңөр келип жатабы? Эмгектериңерде жасалмалуулук менен плагиат канчалык көп болсо ыраазы болгон туристтер да көбөйөт деп ойлойсуңарбы?» ― деп суроо салган ал.

SK Roman аттуу дагы бир колдонуучу видеону «сандырактык» деп атап, анда Кыргызстан эки гана жолу көрсөтүлгөнүн билдирген.

«Бул видеодо Кыргызстанды болгону эки гана жолу көрсөтөт экен, сноубордчунун Караколдо түшүп келе жатканы жана ошол эле Караколдо парапланда учуп жүргөндүктөрү. Калган кадрлар америкалык жана европалык курорттордо тартылган», ― деп нааразычылыгын билдирген ал.

zima-screen

«Видеону эсте калаарлык кылуу»

Мекеменин директорунун орун басары Михаил Ким видеонун 50 пайызга жакыны YouTube видео-шеринг сервисиндеги кадрлардан тураарын мойнуна алды.

«Экстремал спортчулардын аткаруусундагы мыкты секирүүлөрдүн баары — Кыргызстанда андай деңгээлдеги спортчулар жок. Биз видеону эсте калаарлык, динамикалуу кылуу үчүн ошол кадрларды пайдаланганбыз», — деп түшүндүрдү ал.

Ким башка видеолордун кадрларын пайдаланууда департамент авторлор тарабынан кандай лицензия коюлганына көңүл бурбагандыгын жана укук ээлери менен байланышпаганын айтты.

«Анда мен аларга көңүл бурган эмесмин, анткени адамдар кышында спорттун активдүү түрлөрү менен алектенүүгө мүмкүн экенин, тоолордун укмуштуудай экенин көрсүн деп видеокатарды көркөм кылгым келген», — деп түшүндүрдү Ким.

Ал эгер укук ээлери өзүлөрүнүн автор катары көрсөтүүлүүсүн өтүнүшсө, Туризм департаменти андан баш тартпай тургандыгына ишендирди. Михаил Ким бул иш боюнча соттошуу болбойт деген үмүттө.

«Эгер өзүлөрүнүн автор катары көрсөтүлүшүн өтүнүшсө — мен аларга «рахмат» деп гана айтам — биз ал өтүнүчтү сөзсүз канааттандырабыз, балким департаменттин атынан ыраазычылык кат жөнөтүшүбүз да мүмкүн. Бул иш сотко чейин жетпейт деген үмүттөмүн», — деди ал.

Андан сырткары Ким видеотасманы жасоого бюджеттен акча «кетпегенин» кошумчалады.

Кыргызстандын Жарандык кодексинин 1047-беренесине ылайык, Маданият министрлиги кадрлар уруксатсыз алынган видеонун жаратуучуларынын автордук укуктарын бузган ― алардын авторлору же башка укук ээлери кадрлардын пайдалануусуна келишим боюнча гана укук бере алышат.

Департамент ал видеотасманы өлкөнүн телеканалдарынан көрсөтүүнү пландап жаткан. «5-каналдын» коммерциялык директору Александр Ким эгер каналга эфирдик убакыт үчүн акча төлөнсө, ал видеону чыгарууга даяр экенин айтты.

«Эгер бизге кандайдыр бир дооматтар болсо, биз алардын баарын тапшырык ээлери тарапка жөнөтөбүз», — деп түшүндүрдү ал.

Телеканалдын өкүлүнүн айтымында, канал биринчи кезекте жарнамага чыгарыла турган видеотасмалардын жарнама жана телеберүү тууралуу мыйзамдарга туура келерине карайт. Александр Ким ал видеону чыгаруу же чыгарбоо боюнча акыркы жоопту аны көрүп чыккандан кийин гана бере аларын кошумчалады.

Автор: Эвелина Зайцева
Контрибьютор: Эльнура Алканова