Кыргызстан — кооз өлкө, бирок туристтик багыт катары Түркия менен Египетти алмаштыра албайт, деп эсептейт Орусиянын туроператорлорунун ассоциациясынын (ОТОА) вице-президенти.

ОТОАнын биринчи вице-президенти Владимир Канторович «Улуттук жаңылыктар кызматына» курган маегинде Кыргызстанда жылуу мезгилдин узактыгы өтө кыска жана инфраструктурасы аз экенин айтты.

«Кыргызстан өтө кооз. Ал өлкөнүн кемчилиги анда жылуу мезгилдин өтө кыскалыгы. Биздин миллиондогон мекендештерибизди батыра алчу чоң туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтууга азырынча болбойт», ― деди ал.

Канторовичтин айтымында, ал бир жолу Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда мейманканадан бош орун таппай калган. ОТОАнын өкүлү түнөп алуу үчүн мейманкана ээсинин жеке батирин суроого туура келгенин айтты.

«Кыргызстанда инфраструктура аз. Өлкө — туристтик эмес. Орусиялык туроператорлорду кызыктырбайт деле болуш керек. Ал жакка чартерлерди жөнөтүүгө туура келет, антпесе учуп баруу абдан эле кымбат болуп калат», ― деп жазган «Улуттук жаңылыктар кызматы» анын айткандарын.

Канторович мындай пикирин Кыргызстандын бийлигинин өлкөгө көбүрөөк турист тартуу аракетинен кийин билдирди. Буга чейин Орусия жарандарынын эс алуусу үчүн Түркия менен Египетке учуп баруусун убактылуу токтоткон болчу.

Туристтик мүмкүнчүлүктөр

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын туризм департаменти Орусия бийлигине өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жазылган каттарды жөнөткөн.

Кыргызстан туристтерге негизинен Ысык-Көлү менен белгилүү — жай мезгилинде башка өлкөлөрдөн келген туристтердин саны арбын болот, алардын көбүн көл жээгине токтогон казакстандык туристтер түзүшөт.

«Кырдаалды эске алып, эмгек жамааттар, жөнөкөй адамдар бизде эс алса болот деген маанидеги каттарды Орусияга жөнөтүп жатабыз», — деп жазган «Азаттык» Туризм департаментинин директорунун орун басары Михаил Кимдин айткандарын.

Тема боюнча: Орусиялык блоггердин сүрөттөрүндөгү укмуштуудай Кыргызстан

9

Чиновниктин айтымында, кыргыз бийлиги учурда эс алып жаткандардын аз экендигинен улам санаторийлер менен эс алуучу жайлардын жетекчилерине бааларды арзаныраак кылууну сунуштап жатышат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2015-жылдын тогуз айында Кыргызстанга 1 млн. 200 миң турист келген. Бул былтыркыга салыштырганда 1,8 пайызга көп.

Сүрөт: Данил Коржанов