Парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өкмөткө 45 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимдин киргизилишинин «максатка ылайыктуулугун карап чыгууну» сунуштады. Ал өлкөлөр үчүн визалар 2012-жылы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүү үчүн жоюлган болчу.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков өкмөттүн аппаратына 2012-жылы киргизилген визасыз режимдин «максаттуулугун карап чыгуу» сунушу жазылган кат жөнөттү. Бул тууралуу K-News маалымат агенттиги жазды. Анда жазылгандай, кийинчерээк ал кат Кыргызстандын туроператорлорунун ассоциациясына да жеткен.

Катка ылайык, мындай сунуштун жөнөтүлүшүнө «Европа менен Азия өлкөлөрүндөгү коомдук-саясий абалдын өзгөрүшүнө кыйла таасир эткен» «акыркы окуялар», анын ичинде Париждеги треакттар себеп болгон.

«Азыркы тапта көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да өз аймагындагы коопсуздукту күчөтүү боюнча мурун болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатышат. Маселен, Монголия Европа өлкөлөрү үчүн буга чейин киргизилген визасыз режимди бир тараптуу жойду», — деп жазылган катта.

Өз катында парламенттик комитеттин төрагасы Кыргызстанга визасыз режим киргизилген өлкөлөрдөн «сот адилеттигинен жашырынып жүргөн жарандар» келиши мүмкүндүгүн көрсөткөн.

Алмазбек Баатырбеков
Алмазбек Баатырбеков

Баатырбеков Kloop.kgге курган маегинде азырынча парламентте визасыз режимди жоюу тууралуу кеп козголо электигин айтты. Ал өкмөткө катты Кыргызстандын экономикасы үчүн визалардын жоюлушунун максатка ылайыктуулугун анализдеп чыгуусу үчүн жөнөткөн.

«Аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн визалык режим жоюлуп жатканда ал туристтик агым келет, туристтер көп болуп, акча көп түшөт, Кыргызстандын бюджети жакшы акча табат деп түшүндүрүлгөн», — деди депутат.

Анын айтымында, ал буга чейинки — бешинчи — чакырылыштын депутаты болуп турганда бул боюнча анализ жүргүзүп, визасыз режим киргизилген өлкөлөрдөн келген туристтердин агымы «анчалык деле көбөйбөгөндүгүн» аныктаган.

«Туристтер дал визанын жоктугунан улам келип жатышат»

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

«Kyrgyz Concept» туристтик компаниясынын башчысы Эмил Үмөталиев Алмазбек Баатырбековдун демилгесине «чочулоо менен мамиле кыларын» айтты.

«Туристтик бизнес өкүлдөрүнүн берген баалары меймандар бизге дал виза түрүндөгү тоскоолдуктардын жоктугунан улам келип атканын ырастап жатат. Бизде эксперттик баалар бар, аларда биз визасыз режим жарыялаган өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 2012-жылдан бери көбөйгөнү жана жыл өткөн сайын көбөйүп жатканы көрсөтүлгөн», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Үмөталиев визасыз режимдин жоюлушу туристтердин саны менен өлкөнүн экономикасына «түздөн-түз таасир этет» деп эсептейт. Анын пикиринде, андан сырткары жарандары Кыргызстанга визасыз кирип жаткан өлкөлөр «экстремизмдин булагы болуп эсептелишпейт».

«Бардык террористтик актылар жергиликтүү жашоочулар тарабынан эмес, а башка өлкөдөн келгендер тарабынан жасалууда», — деп эсептейт «Kyrgyz Conceptтин» президенти.

«Эң көп дегенде келишимдерди убактылуу токтотушат»

Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Михаил Ким Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде 2012-жылы визалардын жоюулушу чет өлкөлөрдөн келген туристтердин агымына «жакшы таасир эткенин» билдирди.

«Өлкөгө кирүүдөгү процедуралык учурларды жеңилдетүү туристтер үчүн кандайдыр бир документтерди чогултуп, кеңселерге кирип жүрбөстөн эле Кыргызстанга келүүнү тандап алуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул кыйла ыңгайлуураак», — деп эсептейт ал.

Ким өлкө үчүн «пайдасыз» болгондуктан, Кыргызстанда визасыз режимди жоюшпайт деп ишенет.

«Эң көп дегенде бир катар өлкөлөр менен Кыргызстанга визасыз кирүү тууралуу келишимдер убактылуу токтотулушу мүмкүн», — деди Туризм департаментинин директорунун орун басары.

Тема боюнча: Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү [+ видео]

«Ислам мамлекетинде» европалыктар согушууда

27-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев терроризм Кыргызстанга визасыз режим киргизилген өлкөлөрдөн «келиши мүмкүндүгүн» билдирген.

«[…] «Ислам мамлекетинин» курамында батыш Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстанга визасыз режим менен кирүү укугуна ээ Франция, Бельгия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары согушуп жатышат. Албетте ал радикалдуу уюмдардын лидерлери тарабынан биздин өлкөдө позицияларын күчөтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн», — деп эсептейт атайын кызматтын башчысы.

45 өлкө менен визаны жоюу

«Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү тууралуу» мыйзамга Кыргызстандын президенти тарабынан 2012-жылдын 24-июлунда кол коюлуп, ошол эле күнү күчүнө кирген. Ага ылайык, 44 өлкөнүн жарандары (кийин ал тизмеге Жапония да кошулган) Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат:

• Австралия биримдиги;
• Австрия;
• Бельгия;
• Босния жана Герцеговина;
• Ватикан;
• Улуу Британия;
• Венгрия;
• Германия;
• Нидерланды;
• Греция;
• Дания;
• Исландия;
• Ирландия;
• Испания;
• Италия;
• Канада;
• Корея;
• Кувейт;
• Латвия;
• Литва;
• Лихтенштейн;
• Люксембург;
• Мальта;
• Монако;
• Жаңы Зеландия;
• Норвегия;
• Бириккен Араб Эмираттары;
• Польша;
• Португалия;
• Сауд Аравиясы;
• Сингапур;
• Словакия;
• Словения;
• АКШ;
• Финляндия.

Алгач мамлекеттик түзүмдөгүлөрдүн арасында мыйзамга каршы чыккандар болгон. Алсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөлүктөрдүн киришине көзөмөлдү жоготуп коюу ыктымалдыгынан улам узак убакыт бою каршы болуп келген — алардын пикирлеринде, визасыз режим өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болчу. Бирок жыйынтыгында УКМК өкмөттүн бул идеясы менен макул болгон.

Ошондой эле визасыз режимге Тышкы иштер министрлиги да каршылыгын билдирген. Мекеме визаларды жоюуда консулдук жыйымдар кыскарарын билдирген.

Соавторлор: Сезим Каныбекова, Антон Козяев