Kloop.kgнин кабарчылары мамлекет менен анын жашоочулары экстремизм жана терроризмге каршы кантип күрөшүү керектиги тууралуу кыргызстандыктардын пикирлерин билүүгө аракет кылышып, Бишкектин борборунда сурамжылоо жүргүзүштү.

Аман Кабат уулу кыргызстандыктар диний каталарды жасабашы керек деп эсептейт.

«Сириядагы террорчулар да мусулмандар, бирок түрдүү агымдар бар да, алар адашып туура эмес агымга кирип алышкан. Бирок күчтүн жана согуштун жардамы менен өз ишенимиңдин тууралыгын далилдөөгө болбойт», — деди ал.

Тема боюнча: Кадыр Маликовго «Ислам мамлекетинин» жактоочулары кол салган — УКМК

Бишкектин жашоочусу Ольга Жер шарындагы «диний жана улутчулдук белгилерди жоюу» керектигин айтты.

«Биз бир планетада жашап жатабыз, биздин бөлүшө турган эч нерсебиз жок», — деп эсептейт ал.

Таалай Жумабаевдин пикиринде, экстремизмге каршы күрөшүү үчүн Кыргызстан чек араларын бекемдеп, «чет өлкөлүктөрдү катуу көзмөлгө алышы» керек.

Айнура Боогазиева башкача көз карашта — ал экстремизмге каршы күрөшүүнүн ачкычы тарбияда деп эсептейт.

«Эгер бала тартипсиз болсо аны кантип оңдоо керек? […] Аны эч ким оңдой албайт, ал эмес милиция дагы. Адам өзүн өзү тарбиялап, жан-дүйнөсүн байытышы керек», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына.

Кенжебай Мамбетовдун пикири да ушул сыяктуу — анын айтымында, улуу муун жаштарга «акыл» айтып, «ислам дини тууралуу туура түшүнүк» бериши керек.

Жоонат Касымбек уулу өз курдаштарын чет өлкөлөргө чыгып, алданып калуудан сак болууга чакырат. Ал акчага «алданбоо» керектигин айтты.

«Андан көрөк үй-бүлөң, досторуң менен байланышта болуп, үйдө эле болгонуң жакшы», — деди ал.

Авторлор: Амантур Сейталиев, Камрон Мансуров, Дастан Жаркымбаев