Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик башкаруу формасына өтүү сунушталган конституциялык реформа боюнча өткөн референдумдун өлкө аймактарынан келген бардык бюллетендерди иштеп чыкты.

Арменияда жалпы республикалык референдум жекшемби күнү 6-декабрда өттү. Добуш берүүгө дээрлик 1,3 млн. жаран же жалпы каттоодон өткөн шайлоочулардын 50,51 пайызы катышты.

Армениядагы шайлоочулардын 63 пайыздан ашыгы же 825 622 жаран парламенттик башкаруу формасына өтүү демилгесин колдоп добуш беришти, деп билдирүүдө эл аралык маалыматтардын «Новости-Армения» агенттиги. Парламенттик башкаруу формасына өтүүгө дээрлик 422 миң шайлоочу же 32,35 пайызы каршы болгон.

Басылма өзгөрүүлөргө ылайык, президенттин ыйгарым укуктары «кыйла кыскарарын» кошумчалаган. Эми өлкө башчысы мурдагыдай эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө эмес, а парламент тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Президенттикке бир адам бир гана жолу шайлана алат», — деп кошумчалаган «Новости-Армения».

Өлкө башчысы болуп шайлануу үчүн талапкер биринчи турда депутаттардын төрттөн үчүнүн добушуна ээ болушу керек. Эгер анчалык сандагы добуш топтой албаса, анда ал чектөө Армениянын Улуттук жыйынынын 60 пайызына чейин түшөт.

Эми аткаруу бийлигинин башкы органы өкмөт болуп калат. Жаңы Конституция Армениянын президентин премьер-министр кылып мыйзам чыгаруу органына болгон шайлоодо жеңишке жеткен партиянын өкүлүн дайындоого милдеттендирет.

«Интерфакс» маалымат агенттиги оппозициялык «Армян улуттук конгресси» партиясы референдумдун жүрүшүндө массалык бурмалоолор болгондугун билдирип чыкканын жазды.

«Армениянын бийлиги бурмалоолордун бардык арсеналын пайдаланды. Бюллетендерди топтоп салуу, зомбулук, комиссиянын ишине тоскоолдук кылуу жана кайталап добуш берүүнүн баары болду. Биздеги такталган маалыматтар боюнча, бурмалоолордун көлөмү 500 миң добушка жетет», — деп жазды «Интерфакс» «Армян улуттук конгресси» партиясынын лидери Левон Зурабяндын айткандарын.

Добуш берүү аяктаары менен республиканын Еревандагы башкы аянты эсептелген Эркиндик аянтында «Жаңы Армения» оппозициялык кыймылынын нааразычылык акциясы башталып, ал түнкү саат 03:00гө чейин уланды.

«Новости-Армения» агенттигинин маалыматы боюнча, «Армян улуттук конгресси» менен «Армениянын улуттук партиясынын» лидерлери референдумдун жыйынтыктарына каршы митинг өткөрө тургандыктарын билдиришкен. Акция 7-декабрга белгиленген.

«Эхо Москвы» радиосу Армениянын геосаясат академиясынын президенти Араик Саркисянга шилтеме жасоо менен референдум «олуттуу мыйзам бузуулар менен» өтүп, «добуштардын анча көп эмес санын» чогултканын билдирүүдө.

«[Конституциялык] реформа армян бийлигине Европада таанылуусу үчүн керек», — деп билдирди «Эхо Москвы» Саркисянга шилтеме жасап.

Армениянын парламенти

Арменияда Улуттук жыйынга болгон акыркы парламенттик шайлоо 2012-жылы өткөн.

Парламенттеги 90 орун партиялык тизмелер боюнча өткөн талапкерлерге, а 41 орун бир мандаттуу округдардан шайланып келгендерге берилет.

Мыйзам чыгаруу органындагы орундардын көбүн лидери президент Серж Саргсян болгон «Армениянын республикалык партиясы» фракциясы ээлеп турат. Фракция 131 орундун 69уна ээ.

Депутаттардын саны боюнча экинчи орунда орусиячыл «Өнүгүп жаткан Армения» фракциясы турат — алар 37 орунга ээ. Анын өкүлдөрү салттуу баалуулуктар жана армян-орус байланыштарын бекемдөөнү жакташат.

Оппозициялык «Армян улуттук конгресси» партиясы Армениянын Улуттук жыйынында 7 орунду ээлеп турат.

Сүрөт: Эл аралык жаңылыктардын «Новости-Армения» агенттиги.