Малайзиялык фотосүрөтчү Шимри Лим Кыргызстанда болуп, мүнүшкөр-бүркүтчүлөрдү, жергиликтүү тургундарды жана пейзажды сүрөткө тартып кеткен. Kloop.kg анын тарткан сүрөттөрүн жарыялайт.
Шимри Лим — жаңыдан гана ишке киришкен малайзиялык аскер дарыгери. Жумуштан жана окуудан бош убактарында ал дүйнөнү кыдырып саякаттап, аны өз фотокамерасынын жардамы менен тааныйт.
Лим Кыргызстанга Индиядан 2015-жылдын августунда келген — мында ал негизинен мүнүшкөр-бүркүтчүлөрдү, пейзажды жана жергиликтүү тургундарды сүрөткө түшүргөн. Ал сүрөттөр топтомунун көбү Талас, Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы тоо көлүнүн айланасында тартылган.