Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши 2020-жылы интеграциялык биримдикке мүчө болгон бардык беш өлкөнүн аймагында жалпы эл каттоо өткөрүү тууралуу буйрукту жактырды.

Интеграциялык биримдиктин аткаруучу органы болуп эсептелген Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин жыйыны 2-декабрда өттү. Анда кеңештин мүчөлөрү 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейин жалпы эл каттоо өткөрүү тууралуу буйруктун долбоорун жактырышты.

ЕЭКтин сайтындагы маалыматтар боюнча, эл катоонун жыйынтыктары Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн калкынын саны, эмгек ишмердүүлүктөрү жана жылып жүрүүлөрү сыяктуу актуалдуу маалыматтарды аныктоого мүмкүндүк берет.

«Ошондой эле эл каттоонун жыйынтыктары статистиканын көптөгөн тармактары менен байланыштуу жана биримдикке мүчө өлкөлөр менен катар ЕАЭБдин жалпы социалдык-экономикалык өнүгүү индикаторлорун тактап, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн берет», ― деп жазды комиссиянын басма сөз кызматы ЕЭКтин министри Татьяна Валованын айткандарын.

ЕАЭБдин курамына Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирет.

ЕЭКтин маалыматына ылайык, эл каттоо бирдиктүү усулдар жана терминдер менен өткөрүлөт ― анын жыйынтыктары «улуттук жана биримдиктин деңгээлиндеги» чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланылат.

Аны менен катар комиссиянын билдирүүсүндө эл каттоо өткөрүү тууралуу чечимдер ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан кабыл алына тургандыгы көрсөтүлгөн.

Жаңы технологиялар жана айыптар

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин башчысы Акылбек Осмоналиев өлкөдө жаңы эл каттоо муркунсунан 11 жыл өткөндөн кийин, 2020-жылы өткөрүлөрү тууралуу билдирүүгө жетишти.

Анын айтымында, эл каттоонун жүрүшүндө алгачкы жолу биометрикалык маалыматтарды топтоо өнөктүгү аяктагандан кийин түзүлүшү керек болгон Бирдиктүү мамлекеттик реестердеги маалыматтар пайдаланылат.

«2020-жылы өтө турган кезектеги эл каттоодо алгачкы жолу Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды пайдалануу болжолдонууда. Аны менен биз бюджеттен кетчү каражаттардын чыгымын азайтып, тагыраак маалыматтарды алабыз деп үмүттөнүп жатабыз», деп жазган «КирТАГ» маалымат агенттиги Осмоналиевдин айткандарын.

Орусияла калкты каттоону 2013-жылы эле талкуулап башташкан. 2014-жылдын майында каттоо жаңы эрежелер боюнча өткөрүлөрү белгилүү болгон ― «Вести24» телеканалынын маалыматы боюнча, орусиялыктарда эл каттоого катышуу же катышпоо тандоосу болбойт.

Федералдык статистика кызматы каттоого катышпагандарга «айып пул төлөтүүнү» сунуштаган.

«Башка өлкөлөрдө милдеттүү түрдө катышуу деген ченемдерди камтыган мыйзамдар бар. А бизде болсо андай жок», ― деп билдирген анда Росстаттын Тюмендеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Надежда Менова.

Анда Менова атайын сайт ачылып, ага идентификациялык номурлар аркылуу гана кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү менен калк каттоо онлайн өткөрүлүшү мүмкүндүгүн кошумчалаган.

2014-жылдын жайында Казакстандын статистика боюнча агенттиги да эл каттоо 2020-жылы өткөрүлөрүн билдирген болчу.

Сүрөт: Sputnik/ Михаил Мокрушин