Кол салуудан жабыркаган теолог Кадыр Маликов милициянын кечирим сурашын талап кылды — анын айтымында, ал ИИМ алгач билдиргендей жаңжалдын чыгышына себепкер болгон эмес.

Маликов Kloop.kgге курган маегинде Ички иштер министрлиги алгач билдиргендей ал жаңжалдын чыгышына себепкер болбогондугун билдирди. Азыр ал ага кол салуунун алгач «бейбаштык» катары баалангандыгы үчүн милициянын кечирим сурашын күтүүдө.

«Бул таптакыр чындыкка туура келбейт. Ал жакта видеокамера бар болгон, азыр биз дүкөндөн видеоматериалдарды алганы жатабыз, анда буга чейин айтылган маалматтарды толугу менен четке кага турган сүрөттөлүштөр бар. Тактап айтканда, алар буюмдук далил болот, алар менин эмне менен алектенгенимди жана окуянын кандай башталганын толугу менен көрсөтөт. ИИМдин басма сөз катчысы эл алдында кечирим сурашы керек», — деди Маликов.

Маликовго кол салуу 26-ноябрда болгон. Анын версиясы боюнча, кол салгандар «Ислам мамлекетинин» жактоочулары болушкан. Милиция ал окуяны «бейбаштык» катары мүнөздөгөн, бирок кийинчерээк кол салууга шектелгендер Түркияда кармалышып, ИИМ алардын «Ислам мамлекетинин» жактоочулары экендиктерин билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде мекеме тарабынан таратылган пресс-релизде Маликовдун ар-намысын каралап, аны жаманатты кыла турган бир дагы сөздүн болбогондугун билдирди.

«Анын сөздөрү жетекчиликке жеткирилет, бирок мен жеке пикиримди билдирсем, расмий билдирүүдө анын мушташка себепкер болгондугу же аны баштагандыгы тууралуу бир дагы сөз болгон эмес», — деди Осмонбаев.

Маликовго кол салуу

Милициянын версиясы боюнча, Маликовго кол салуу белгисиз адамдардын унаа менен анын транспорт каражатынын жолуп тосуп алгандыгына байланыштуу чыккан айтышуудан улам болгон.

«[Айтышуу] мушташка чейин жеткен. Анын жүрүшүндө белгисиз адамдар аны бет тушка сайышкан», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Кадыр Маликов өзүнүн аудиокайрылуусунда окуянын башка версиясын билдирген — айтымында, кол салгандар аны унаасынын жолун тороп токтотулган өз унааларына «күчтөп отургузушкан».

Андан соң алар Маликовго карата элетрошокер колдонууга (бирок анын күчү үстүндөгү курткадан өткөн эмес) жана бычак менен моюн жагына саюуга аракет кылышкан. Бирок ал унаадан чыгып, канжалаган бойдон качып кете алган.

Кийин ал Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Маликов Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.

Ал 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшү керек болчу. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.

Андан сырткары Маликов бачабаздык үчүн өлүм жазасынын киргизилиши боюнча өткөн акцияларга дайыма катышып келген. Ал «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорлорун колдойт.