Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болжолдуу маалыматтар боюнча силкинүү очогу Тажикстандын чыгыш бөлүгү менен Кыргызстандын Нарын облусунда болгон эки жер титирөөдөн жабыркагандар жок экенин билдирди. Эки жер титирөө тең 7-декабрь күнү түштөн кийин жарым сааттын ичинде болду.

АКШнын геологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, биринчи силкинүү Бишкек убактысы боюнча саат 13:50дө катталган — силкинүү очогу Тажикстандын Мургаб районунда, Мургаб айылынан 109 чакырым алыстыкта болуп, күчү 7,2 баллга жеткен.

Саат 14:30да болгон экинчи жер титирөөнүн силкинүү очогу Кыргызстандын Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында болуп, күчү 5,5 баллга жеткен.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан азырынча жер титирөөлөрдөн кийин жабыр тарткандар жана турак-жайлардын кыйроолору боюнча маалыматтар келип түшө элек.

Доорот-Коргон, Бор-Дөбө, Эркештам айылдарында силкинүү күчү 5 баллдын айланасында, Ошто – 4, Бишкекте жана Нарында 3 баллдын айланасында сезилген.

Буга чейин ушул жылдын 17-18-ноябрь күндөрү өлкө аймагында бир нече жер титирөө болгон. Анын эң күчтүүсү Ош облусунда болуп, силкинүү очогундагы күчү 7 баллга чейин жеткен.

Анда каза болгондор менен жаракат алгандар болгон эмес. Силкинүүлөрдөн улам 150дөн ашык турак-жай жабыркаган — алардын 10у оңдоого мүмкүн болбогон абалга жеткен.

2015-жылдын октябрынын аягында Ооганстанда катуу жер титирөө болгон — силкинүү очогу Гиндикушта жайгашып, күчү 7,5 баллга жеткен. Анын жыйынтыгында 385 оогандык менен Пакистандын жарандары каза болушкан.

Анда жалпысынан 10 миңге жакын турак жай жабыркаган.

Соавтор: Яна Чуркина.