Бишкектин Жол кайгуул кызматы белгисиз кыздын сүрөттөрүндөгү «NURAIYM» деген мамлекеттик номурлар тагылып, терезелери караңгылатылган автоунаа ээлерине айып салды. Унаа ээлери ал кызды билбей тургандыктарын билдиришүүдө.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева Kloop.kgге курган маегинде мекеменин инспекторлору үч кыргызстандыкка тиешелүү болгон төрт унааны кармагандыктарын билдирди.

Анын айтымында, автоунаалар учурда айып унаа токтотуу жайында, а алардын айнектериндеги караңгылатуулары алынган ― жол кыймыл эрежелерине ылайык, Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектери менен маңдайкы айнегин караңгылатып жүрүүгө тыюу салынган.

ЖККнын маалыматы боюнча, үч автоунаанын ээси тең алардын унаасынын фонунда сүрөткө түшкөн кыз менен тааныш эмес.

«Белгисиз кыз алардын автосалонуна барып, жакшы, кымбат унаалардын фонунда сүрөткө түшүп алууну өтүнгөн. Кыздын сумкасында «NURAIYM» деген жасалма мамлекеттик номур бар болгон. Мен алардан эмнеге кыздын сүрөткө түшүп алуусуна уруксат бергендиктерин сурадым ― алар кыздын чырайлуу экенин жана ага баш тарта албагандыктарын айтышты», ― деди Бекмурзаева.

ЖККнын басма сөз катчысы мекеме белгисиз кыздын сүрөттөрүндөгү унаалардын ээлерин издөөнү аяктай электигин кошумчалады. Азырынча кыздын да тек-жайы аныктала элек.

«АКИпресс» маалымат агенттиги унаалары кармалган үч киши менен болгон маектин видеосун жарыялады.

Алардын бирөөсү кыз негизинен «кымбат жана айнектери караңгылатылган автоунаалардын» фонунда сүрөткө түшөрүн айткан.

«Ал «Мерседестин» фонунда сүрөткө түшүп, номурун чечип алгандан кийин маршруттук таксиге отуруп кетип калды», — деген дагы бир айдоочу.

Инстаграм социалдык тармагынын nuraiym_9999 аттуу колдонуучусунун сүрөттөрүнө байланышкан чыр 2015-жылдын декабрынын башында башталган ― «Zanoza» жаңылыктар порталы анын айнектери караңгылатылган жолтандабастар менен «люкс» классындагы автоунаалардын фонунда түшкөн сүрөттөрүнүн топтомун жарыялаган.

Сүрөттөрдүн биринде мигалкалары бар кортеж көрсөтүлгөн, а дагы бирөөсү Ак үйдүн бешинчи же алтынчы кабатында тартылган ― анда парламент имаратынын чыгыш бөлүгү көрсөтүлгөн.