Жол кайгуул кызматы 2016-жылдан тарта инспекторлордун нөөмөттө эмнелер болуп жатканын видеого тартуулары үчүн алардын төш чөнтөктөрүнө видеорегистраторлорду бекитип баштайт.

2016-жылдын январынан тарта Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунда жаңы видеорегистраторлор пайда болот, деп билдирди Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко ЖККдагы коррупцияга каршы аракеттерди көрүү боюнча жыйындын жүрүшүндө.

2015-жылдын августунда кабарлангандай, алгач видеорегистраторлор Чүй облусу менен Бишкек шаарындагы инспекторлорго берилип баштайт. Дьяченконун пикиринде, ар бир видеорегистратордун төрт функциясы бар болот:
• видеожазуу;
• аудиожазуу;
• инспекторлордун кайсыл жерде экендигин көзмөлдөө үчүн GPS-трекерлер
• радио-станция аркылуу сүйлөшүүлөрдү башкаруу.

«Мындай жабдуулар Кытайда, Түркияда, Казакстанда жана Орусиянын айрым аймактарында кеңири колдонулууда. Бул сүйлөшүүдөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жардам берет деген үмүттөбүз», — деди Дьяченко.

ЖККнын башчысынын орун басары Ыманалы Рыскулов регистраторлорду форманын төш чөнтөктөрүнө же инспекторлордун погондоруна бекитүүгө мүмкүн болорун белгиледи.

Анын айтымында, жаңы жабдуу андагы видео атайы серверлерге жүктөлүп, инспектор аны нөөмөттөн кийин өзгөртө албагыдай жасалган.

Видеорегстраторлордун 2015-жылдын августундагы презентациясы:

Дьяченко ЖКК ар бир видеорегистратор үчүн 250 АКШ долларынан коротконун айтты.

«Бул даттануулар менен арыздардын санын кыскартып, иштерди карап чыгуудагы объективдүүлүктү жогорулатууда аныктоочу учур болот деп үмүттөнөбүз. Айрым айдоочулар кандайдыр бир күбөлүктөрүн көрсөтүү сыяктуу аракеттери менен инспекторлорду коркутуп баштай тургандыгы сыр эмес. Менин оюмча, бул жабдууларды ишке киргизүү менен айдоочулар ЖККнын мыйзамдуу талаптарына баш ийип башташат», — деди ал.

Рыскулов ошондой эле ар бир регистратордун түнкүсүн да видеого тартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты: 8 метр алыстыкта адамды көрүүгө болот, а үч метр алыстыкта — аны «100 пайыздык ишенимдүүлүк менен» таанууга болот.

«Инспектор ар бир айдоочу менен сүйлөшүүнү баштаар алдында алардын видеожазуу тууралуу билүүлөрү үчүн сүйлөшүүнүн жазылып алына тургандыгын эскертүүгө милдеттүү болот», — деп кошумчалады Дьяченко.

Учурда ЖККнын жетекчилиги инспекторлордун ишин онлайн режимде көзөмөлдөө боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап жатат. ЖКК бардык кызматкерлерин нөөмөттөрдө видеорегистраторлорду пайдаланууга милдеттендире тургандыгы жөнүндө 2015-жылдын августунун аягында белгилүү болгон.

Анда ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов мекеме видеорегистраторлорду «коомчулук ЖКК кызматкерлеринин аракеттерин көңүл коюу менен көзөмөлдөп жаткандыктан» улам пайдалануу чечимине келгенин билдирген.

«Бирок жол кыймылынын катышуучулары төмөндөгүдөй кылган медалдын экинчи тарабы да бар: алгач өзүнүн эреже бузганын мойнуна алат, а качан инспектор административдик протокол түзүп баштаганда айыпты банкомат же касса аркылуу төлөөнүн ордуна ар кайсы жолдор менен жоопкерчиликтен качып, ЖКК кызматкерлерин болбогон акчага сатып алууга аракет кылып башташат», — деп билдирген анда Оторов.

Сүрөттө: ЖКК кызматкерлеринде боло турган видеорегистраторлор.
Соавтор: Эльнура Алканова.