Бишкектин Октябрь райондук соту активисттен пара талап кылган ЖКК кызматкери менен интернетте «Дрыщ» деген атка конгон штаттан сырткаркы кызматкердин иши боюнча өкүм чыгарды.

Сот активист Болот Ибрагимовдон пара талап кылган ЖКК кызматкерлерин «Кызмат абалын кыянат пайдалануудан» башка бардык беренелер боюнча актап, 100 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирген өкүм чыгарды.

Алардын тергөө абагында өткөргөн мөөнөтү кызмат абалын кыянат пайдалануу беренеси үчүн каралган мөөнөт менен дал келгендиктен инспекторлор сот чечими мыйзамдуу күчүнө кирээри менен эркиндикке чыгышат.

«Дрыщ» деген ат менен белгилүү болуп калган Адилет Жунусов «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жатак абагына бир жарым жылга кесилди — эми ал жатак абагында дагы үч ай болушу керек болот.

Активист Болот Ибрагимов Kloop.kgге курган маегинде башынан эле ЖКК кызматкерлеринин эрктеринен ажыратылышын каалабагандыгын айтты.

«Биз башынан эле алар эрктеринен ажыратылышсын деген эмеспиз. Болгону аларды жумуштан кетирсе дегенбиз, ошондуктан арыз бергенбиз», — деди ал.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал окуя менен Ибраимовдун жарыялаган видеосу ЖККнын дарегине көптөгөн сын-пикирлердин жаралуусуна себеп болгон.

Алгач Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги кызматкерлерине сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирлерден кийин мекеме аларды кызматтан кетирген.