Бийлик курулуш компанияларына үлүштүк курулуштардын катышуучуларынан төлөмдөрдү доллар менен эмес, а сом менен кабыл алууну сунуштады. Куруучулар салынган акчасын жоготуп алуудан чочулап, өкмөттөн кепилдик сурап жатышат.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда үлүштүк курулуштун катышуучуларынан акчаны доллар менен эмес, а сом менен алууну сунуштады.

«Менимче, биз баарыбыз тең ушул багытта иштеп, улуттук валютаны колдоп, патриот болушубуз керек», — деди мамагенттиктин директору Болсунбек Казаков.

Курулуш компаниялары сом менен төлөөгө өтүүнүн үстүнөн иштеп жаткандыктарын, бирок алар доллар менен сатылып алынып жаткан товарлардын бааларынан чочулап аткандыктарын айтышты.

«Мында баа бычуу деген маселе бар. Бизге чет өлкөлөрдөн келген товарлар абдан көп. Алар пластик, жасалга материалдар жана башкалар, биз алар үчүн доллар менен төлөйбүз. Эгер биз бүгүн улуттук валютага өткөндөн кийин эртең анын баасы 120 сом болбойт деген кепилдик кана?» — деп суроо салды «Элит Хаус» компаниясынын директорунун орун басары Марат Чекиров.

Анын айтымында, сомго өтүү саясатынан улам чет өлкөлүк инвесторлор Кыргызстан менен иштешүүдөн баш тартып жатышат.

«Кыргызстанда иштөө абдан кыйын болгондуктан бизнесин толугу менен чет өлкөлөргө алып чыгып кетүүнү пландап жаткан көп кесиптештеримди билем. Биз бул жакка чоң акчаларды салууну каалаган чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушканбыз, бирок биздин сомго өтө турганыбызды угушкандан кийин алар бул маселени токтотуп коюшту», — деди ал.

Кепилдик күтүп жатышат

Курулуш компаниялары сом менен төлөөгө өтүүдөгү көйгөй катары америкалык валютанын баасынын өспөй тургандыгына эч кимдин кепилдик бере албастыгын айтышты.

«Эгер [премьер-министр Темир] Сариев мырза, вице-премьер-министр, өкмөт доллар 76 сомдон жогорулабайт деп кепилдик берсе келгиле анда сомго өтөбүз. Биз комплекстер курулуп бүтө турган 2016-2017-жылдын аягына чейин өз чыгашаларыбызды так пландап алабыз, бирок андай болбойт, бизге ким кепилдик бермек эле?» — деп суроо салды «Имарат Строй» компаниясынын аткаруучу директору Данияр Иманалиев.

Иманалиевдин пикиринде, курулуш компаниялары үчүн улуттук валютага өтүүдөгү көйгөй Кыргызстандын бардык керектүү курулуш материалдарын өндүрбөгөндүгүндө жана аларды чет өлкөлөрдөн доллар менен сатып алууга туура келип жаткандыгында.

«Курулуш компанияларын жаман балдар катары көрсөтпөө керек, мында [компаниялардын сом менен төлөөгө өтүүгө ашыкпай жаткандыгында] эч кандай жаман нерсе жок, биз болгону биздин тобокелдиктерибиздин ордунун жабылышын айтып жатабыз. Биз акыры сом менен төлөөгө өтөт болушубуз керек, бирок чынын айтыш керек ал өтө тобокелдүү болот», — деп билдирди ал.

Улуттук банктын жетектөөчү юристи Ильер Иманхожоев каржы регулятору мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн иштеп, чет өлкөлөрдүн улуттук валюта менен төлөөгө өтүүдөгү тажрыйбаларын иликтеп жатканын, ошондой эле экономиканы турукташтыруу боюнча иш-чараларды өткөрүп жатканын айтты.

Сом менен төлөөгө өтүү өнөктүгү

Кыргызстанда улуттук валюта менен төлөөгө өтүү тууралуу сөздөр 2015-жылдын ноябрында доллардын сомго карата курсунун кескин өсүп кетишинин фонунда айтылып баштаган. Анда Улуттук банк доллардын өсүп кетишин «чайкоочулук чабуулдар» менен байланыштырган.

Улуттук банк сомдун курсун колдоо үчүн рынокко эки жолу валюталык интервенция менен чыгып, 17,2 миллион доллар короткон.

Кыргызстандын бийлиги улутуттук валютага өтүү сомдун курсу менен өлкөнүн экономикасынын турукташышына жардам берет деп ишенет.

Ноябрдын соңунда премьер-министр Темир Сариев кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатуу боюнча бардык операцияларды улуттук валютада жүргүзүүнү талап кылган.

«Мамлекеттик органдар транзакцияларды улуттук валютада гана жүргүзүүсү керек. Кеп улуттук валютада гана жүргүзүлүүсү керек болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатуу тууралуу болууда. Ошондой эле товарлар менен кызматтарга болгон баалардын да, анын ичинде жарнамалык маалыматтардын да улуттук валютада көрсөтүлүшүнө милдеттендирүү керек», — деп билдирген анда өкмөт башчысы.

Анын бул билдирүүсү чет өлкөлүк валютада алынган насыялар менен ипотекаларын коммерциялык банктарга төлөөгө кудуретсиз болгон адамдардын көбөйгөнүнө байланыштуу болгон.

Улуттук банк менен өкмөт калктын банктардын алдындагы доллар менен алынган бардык карызын сомго которууну чечкен. Ипотекалык насыяларды которуудагы банктардын жоготууларын өкмөт бюджеттик каражаттын эсебинен жабууга милдеттенген.

Автор: Эвелина Зайцева.