Москванын Басман райондук соту Ильдар Дадинге карата үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды — ал оппозициялык митингдерде бир нече жолу кармалгандыгы үчүн соттолгон алгачкы активист болуп калды.

Соттун версиясы боюнча, Дадиндин күнөөсү бийлик менен макулдашылбаган демонстранцияларга бир нече жолу катышкандыгында.

Дадин 2014-жылдын августунан 2015-жылдын январына чейин беш жолу жалгыз пикет өткөргөн. Акыркы акциясында аны кармап кетишип, 15 сутка административдик камак мөөнөтү берилген — «Медуза» жаңылыктар сайтынын билдирүүсү боюнча, андан кийин «аны менен тергөөчүлөр алектенип башташкан».

Дадиндин аракеттерин 2014-жылы кабыл алынган Орусиянын Кылмыш кодексинин 212.1-беренесинин — «бир нече жолу уюмдун белгиленген тартиптерин бузуу же чогулуш, митинг, демонстрацияларды, жүрүштөрдү же пикеттерди өткөрүү» — негизинде жазык кылмышы катары баалашкан.

Ал берене боюнча, эгер адам 180 күндүн ичинде «макулдашылбаган чогулуштарга» катышып, ага эки жолу административдик айып салынса, ал беш жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусиянын Конституциясынын 31-беренесине ылайык, Орусиянын жарандары куралсыз тынч чогулуп, жыйындарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү жана пикеттерди өткөрүүгө укуктуу.

«Свобода» радиосу прокурорлор Дадинге эки жылдык камак мөөнөтүнүн берилишин сургангандыктарын билдирди. Айыпталуучунун өзү кечирим суроодон баш тарткан.

«Бизде мамлекет бандит-чиновниктер үчүн эмес, а жарандар үчүн. Мен ушуга ылайык гана бул маскаралуу ишти токтотууну талап кылам — мен өтүнбөйм, мен талап кылам. Мен эркин адам болуп төрөлгөм жана Конституцияга каршы келген, кылмыштуу саясий мыйзамдарды киргизип жаткан эч кандай бандит чиновниктер аларды мага карата пайдалана алышпайт», — деп жазган «Росбалт» маалымат агенттиги Дадиндин айткандарын.

Басман сотунун судьясы Наталья Дударь ага карата үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Дадиндин жактоочусу Ксения Костромина алар өкүмдү «адилетсиз» деп эсептегендиктен, ал боюнча даттана тургандыктарын билдирди.

«Ильдар – күрөшүүчү, ал ушундай болушу мүмкүндүгүн түшүнгөн. Ошондуктан ал өкүмдү абийирдүүлүк менен кабыл алды», — деп жазды «Свобода» анын айткандарын.

«Коммерсант» гезити азырынча мындай өкүм чыгаруудагы судьянын жүйөдалилдери белгисиз экенин, анткени Дударь анын резолютивдик гана бөлүгүн окуганын жазды.

«Медиазона» сайтынын маалыматы боюнча, өкүм окулгандан кийин сот залында чыр чыккан — өкүм менен макул болбогондор «Уят!» деп кыйкырышкан, а полиция аларды имараттан алып чыгып кетүүгө аракет кылган.

Дагы үчөө айыпталууда

Бул жаңы берене боюнча жалгыз Дадин гана айыпталбай эле. Андан сырткары 46 жаштагы Марк Гальперинге, 52 жаштагы көп балалуу эне Ирина Калмыковага жана 76 жаштагы Владимир Ионовго айып тагылган. Октябрдын аягында кремилчил активисттер Ионовдун башына боек төгүп кетишкен.

Ионовдун иши 8-декабрда каралат.

Орусиянын «Агора» укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиковдун пикиринде, жарандардын тынчтык чогулуштарды өткөрүү укуктарын чектөөлөр акырындап киргизилип баштаган: 2000-жылдардын ортосунда митингдер үчүн «оор макулдашуулар» керек болгон, андан кийин аларды өткөрүү үчүн административдик айып пул киргизилген жана жыйынтыгында эми митингдер үчүн «алгачкы өкүм чыгарылып отурат».

«Он жыл мурда мыйзам бузуу болуп эсептелбеген нерсеге эми чыныгы мөөнөт берилүүдө», — деп жазган «Коммерсант» Чиковдун айткандарын.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Дадиндин тез арада бошотулушун талап кылып, өкүмдү «өз пикирин эркин билдирүүгө каршы таң калычтуу жана уятсыз чабуул» деп атады.

«Бул [өкүм] орус бийлиги адам укуктарынын бузулушун легалдаштырып, аны практикада колдонуп жатат деген олуттуу тынчсызданууларды жаратууда», — деп билдирди Amnestyнин Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Жон Далхьюсен.

Кылмыш кодексине 212.1-берененин киргизилишинин демилгечилеринин бири, «Бирдиктүү Орусиядан» депутат Александр Сидякин Дадин менен башка айыпталуучуларды эл аралык «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна азгыргандар менен салыштырды.

«Бул адам атайылап коомго тоотпогондугун көрсөтүп, башынан эле биздин өлкөнүн укуктук системасына жек көрүү менен мамиле кылган. «Ислам мамлекетине» азгыргандар да халифаттагы жашоонун жыргалчылыктары жөнүндө айтуу менен жаман эч нерсе жасабай элебиз деп эсептешет», — деп жазды «Коммерсант» Сидякиндин айткандарын.

Аны менен катар ал Москва шаардык соту өкүмдү кайра карап чыгышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.