Туризм департаментинин жаңы жетекчиси Азамат Жаманкулов Kloop.kgге курган эксклюзивдүү маегинде туристтик рынокто атаандаштык жүргүзүү үчүн Кыргызстанга эмне жетишпей жаткандыгы жана өлкөнүн брендин дүйнөдө кантип өнүктүрүү керектиги тууралуу айтып берди.

Азамат Жаманкулов Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору кызматына 8-декабрда киришти. Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маегинде ал департамент башчысынын орун басары Михаил Кимдин Түркия менен визасыз режимди токтото туруу жөнүндөгү айткандары боюнча түшүндүрмө берди.