Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Ким Түркия менен болгон визасыз режимди жарым жылга токтото турууну сунуштады.

Бул тууралуу Ким «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирген — ал визасыз режимдин жоюлушу жалпысынан туризм тармагына терс таасирин тийгизе тургандыгын белгилеп, бирок коопсуздукту андан маанилүүрөөк деп эсептээрин билдирген.

Туризм департаментинин башчысынын орун басары Түркия жана дагы бир нече өлкө менен визасыз режимди токтото турууну сунуштады.

«Менин конкреттүү сунушум — Түркия менен убактылуу, жок дегенде жарым жылга визасыз режимди токтото туруу максатка ылайык», — деди ал.

Кимдин айтымында, айрым туроператорлор Жапония жана бишка бир нече өлкө менен болгон визасыз режимди калтырууну сунушташкан.

Буга чейин департаменттин башчысынын орун басары Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстанда визасыз режим жоюлбай тургандыгын, анткени ал өлкө үчүн «пайдасыз» экенин билдирген.

«Эң көп дегенде бир катар өлкөлөр менен Кыргызстанга визасыз кирүү тууралуу келишимдер убактылуу токтотулушу мүмкүн», — деп билдирген Ким.

Экономика тармагы боюнча эксперт Данияр Айтман Түркия менен визасыз режимди жоюуну «чыккынчылык жана мункуртчулук» деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Фэйсбук» соцтармагындагы баракчасына жазды.

«Түркия — бизге дайыма жакшылык кылып келген эң жакын, тууган жана достук мамиледеги өлкөлөрдүн бири. Түркия түрк тилдүү дүйнөнүн талашсыз лидери катары биз үчүн өзгөчө роль ойнойт. Түркия менен жакшы мамиледе болуу биздин улуттук окшоштуктарыбыздын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет», — деп эсептейт ал.

Түркия түштүк тарабында Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрүнө каршы согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия менен чектешет.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын билдирүүлөрү боюнча, аталган уюмдун жактоочулары кыргызстандыктарды азгырып, аларды Түркия аркылуу Сирияга жөнөтүшөт. Акыркы маалыматтар боюнча, жалпысынан «Ислам мамлекети» тарапта дээрлик 400 кыргызстандык согушуп жүрөт.

«Максатка ылайыктуулугу» тууралуу ойлонуп башташты

Визасыз режимдин кооптуулугу тууралуу 27-ноябрда алгачкылардан болуп учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы болуп иштеп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Абдил Сегизбаев билдирген.

Анда ал Кыргызстанга «Ислам мамлекетинин» Европа өлкөлөрүнүн жарандыгына ээ мүчөлөрү кирип кетиши мүмкүндүгүн айткан.

Азырынча визасыз режимди жоюу боюнча бийлик тараптан эч кандай конкреттүү аракеттер боло элек. Болгону парламенттик комитеттин башчысы, «Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков өкмөткө визасыз режимдин «максатка ылайыктуулугу тууралуу» ойлонуп көрүүнү сунуштаган.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери 45 өлкөнүн (анын көбү Европа өлкөлөрү) жарандары үчүн визасыз режим иштеп келет. Ал мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат.

Баатырбеков 2012-жылы визаларды жоюуда айтылган башкы аргумент — туристтик агымдын көбөйүшү — өзүн актабагандыгын билдирди. Анын айтымында, андан бери ал 45 өлкөдөн келген туристтердин агымы «анчалык деле көбөйгөн эмес».

«Аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн визалык режим жоюлуп жатканда ал туристтик агым келет, туристтер көп болуп, акча көп түшөт, Кыргызстандын бюджети жакшы акча табат деп түшүндүрүлгөн», — деди депутат.

«Визанын жоктугунан улам келип жатышат»

«Kyrgyz Concept» туристтик компаниясынын башчысы, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев Алмазбек Баатырбековдун демилгесине «чочулоо менен мамиле кыларын» айтты.

«Туристтик бизнес өкүлдөрүнүн берген баалары меймандар бизге дал виза түрүндөгү тоскоолдуктардын жоктугунан улам келип атканын ырастап жатат. Бизде эксперттик баалар бар, аларда биз визасыз режим жарыялаган өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 2012-жылдан бери көбөйгөнү жана жыл өткөн сайын көбөйүп жатканы көрсөтүлгөн», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Үмөталиев визасыз режимдин жоюлушу туристтердин саны менен өлкөнүн экономикасына «түздөн-түз таасир этет» деп эсептейт. Анын пикиринде, андан сырткары жарандары Кыргызстанга визасыз кирип жаткан өлкөлөр «экстремизмдин булагы болуп эсептелишпейт».

«Бардык террористтик актылар жергиликтүү жашоочулар тарабынан эмес, а башка өлкөдөн келгендер тарабынан жасалууда», — деп эсептейт «Kyrgyz Conceptтин» президенти.

Алгач, мамлекеттик түзүмдөрдүн арасында визалык режимди жоюу тууралуу 2012-жылдагы мыйзамга каршы чыккандар болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөлүктөрдүн киришине көзөмөлдү жоготуп коюу ыктымалдыгынан улам узак убакыт бою каршы болуп келген — алардын пикирлеринде, визасыз режим өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болчу. Бирок жыйынтыгында УКМК өкмөттүн бул идеясы менен макул болгон.

Ошондой эле визасыз режимге Тышкы иштер министрлиги да каршылыгын билдирген. Мекеме визаларды жоюуда консулдук жыйымдар кыскарарын билдирген.