2015-жылдын октябрында Санкт-Петербургда чарчап калган беш айлык Умарали Назаровдун апасы Тажикстанга кайтып барып, а атасы — наристенин өлүмү фактысы боюнча процесске катышуу үчүн Орусияда калган.

«Настоящее время» жаңылыктар порталы Умарали Назаров чарчап калгандан кийинки анын туугандарынын жашоосу тууралуу видеорепартаж даярдаган.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү 2015-жылдын 13-октябрындагы рейддин жүрүшүндө Зарина Умарова менен жолдошун кармап, баласын алып калышкан. Беш айлык Умарали ошол эле түнү Петербургдагы балдар ооруканасында чарчап калган.

Умаралинин апасы Зарина наристе жерге берилген Тажикстандын Файзабад районундагы Бобои айылында жашаган ата-энесиникине кайтап барган.

Атасы Рустам Назаров Петербургда калган — тергөө аны 2-декабрда наристенин өлүмү боюнча иште жабырлануучу деп тапкан.

Орусиялык соттук-медициналык эксперттер Умаралинин өлүмүнө вирустук инфекция себеп болгон деген корутунду чыгарган.

Тажик бийлиги Умаралинин апасы Зарина Назарованын канынан наристенин өлүмүнө себеп болгон делинген вирусту табышкан эмес.

Умаралинин чарчап калышы чоң коомдук талкуу жаратып, 20-октябрда Петербург боюнча башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.