АКШнын президентинин басма сөз кызматы республикачы Дональд Трамп президенттик кызматка туура келбейт жана шайлоо алдындагы жарыштан четтеши керектигин билдирди. Бул Трамптын мусулмандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу чакырыгынан кийин болууда.

Американын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Жош Эрнест республикачыларды өлкөнүн президенттигине талапкер катары Дональд Трампты көрсөтүүдөн баш тартууга чакырды. Буга чуулуу бизесмен жана саясатчы Трамптын АКШга бардык мусулмандардын кирүүсүнө тыюу салуу сунушу себеп болду.

Эрнесттин пикиринде, эгер Трамп праймеризде жеңүүчү болуп чыкса, анда президентикке талапкер болуп жаткан башка республикачылар аны колдобоолору керек. Азыр ал республикачылардын 14 талапкеринин эң алдында келе жатат — «Рейтерстин» маалыматы боюнча, анын рейтинги 35 пайызды түзөт.

Трамп 8-декабрда бардык ислам динин туткандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салууну сунуштаган. Ал мындай пикирин Калифорниянын Сан-Бернардино округунда мусулман жубайлар 14 кишини атып өлтүрүп, дагы 21ин жарадар кылгандан кийин айткан.

Ташфин Малик менен анын жолдошу Сайед Ризван Фарук 2-декабрда майыптар борборуна куралдуу кол салууга айыпталып жатышат. Шектүүлөрдүн өзүлөрү полиция менен болгон атышуу маалында өлтүрүлүшкөн.

«Биздин өлкө жихадга гана ишенип, адам өмүрүнүн баалуулугун сыйлабаган кишилердин коркунучтуу чабуулдарынын курмандыгы боло албайт», —деп билдирген президентикке талапкер АКШга мусулмандардын кирүүсүнө тыюу салууну сунуштап жатып.

АКШнын президенти Барак Обама 6-декабрдагы кайрылуусунда Сан-Бернардинодогу окуяны «күнөөсүз адамдарды өлтүрүү үчүн жасалган теракт» деп атаган.

Ошондой эле Ак үйдүн башчысы америкалыктарды мусулмандарга карата калыссыздык мамиле кылуудан карманууга чакырды. Анын айтымында, терроризмге каршы күрөшүү «Американын ислам менен күрөшүүсү» катары кабыл алынбашы керек.

«Бул «Ислам мамлекети» сыяктуу топтор жетишүүгө аракет кылып жаткан нерсенин дал өзү», — деп эсептейт Обама.

АКШнын Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан менен андагы азчылыктын лидери Гарри Рид Трамптын сунушун сынга алып, аны «антиамерикалык» деп аташты.

Дональд Трамп — миллиардер, ири кыймылсыз мүлктөрдүн ээси. Ал өзүнүн президенттик шайлоо алдындагы жарыш маалында айткан чуулуу билдирүүлөрү менен белгилүү.

Алсак, 2015-жылдын августунда ал президент болгондон кийин АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал курдура тургандыгын айткан. Андан сырткары Трамп легалсыз жүргөн мигранттардын балдарына америкалык жарандыкты берүү эрежелерин кайрадан карап чыгып, бардык легалсыз жүргөндөрдү өлкөдөн чыгарууну сунуштаган.

Бирок ал бир нече айдан бери республикалык партиянын президентикке талапкерлеринин арасында алдыңкы болуп келе жатат — ага Мичигандан хирург Бен Карсон, Техастан сенатор Тед Круз жана Флоридадан сенатор Марко Рубио атаандаштык жаратып жатышат.

Сүрөт: Gage Skidmore/Flickr