Атайын түзүлгөн комиссия Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Кимдин Түркия менен визасыз режимди убактылуу токтотуу тууралуу билдирүүлөрүнө баа берет, деп билдирди маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов.

Максүтов Түркия менен визасыз режимди токтотуу тууралуу Кимдин айткандарын баалоо боюнча атайын дисциплинардык комиссия түзүлгөндүгү тууралуу парламенттин 9-декабрдагы жыйынында билдирди.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Дастан Жумабеков Максүтовдон Туризм департаментинин башчысынын орун басарын жазалоону талап кылды.

Парламентарийдин пикиринде, визасыз режимди жоюу маселелери департаменттин деңгээлинде эмес, а өкмөт менен премьер-министрдин деңгээлинде чечилиши керек.

«Түркия менен визасыз режимди жоюу керектиги тууралуу айтылган Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кимдин маеги чыкты. Анын мындай билдирүүлөрдү жасоого ыйгарым укуктары барбы? […] Биздин Түркия менен мамилебиз жакшы, көп жылдардан бери кызматташып келебиз, анан бир адам чыгып алып ушундай билдирүүлөрдү жасап жатат», — деп жазды «К-Ньюс» маалымат агенттиги Жумабековдун айткандарын.

Максүтов ага Кимдин билдирүүсү боюнча «кызматтык териштирүү» жүрүп жатканын айтып жооп берди.

«Биз кечээ ал факты боюнча кызматтык териштирүү жүргүзө турган атайын жумушчу топ түздүк», — деп жазды 24.kg агенттиги маданият министрлигинин башчысынын айткандарын.

Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Ким «Азаттык» радиосуна курган маегинде Түркия менен визасыз режимди токтото турууну сунуштаган — ал визасыз режимди токтотуу жалпысынан туризм тармагына терс таасирин тийгизерин, бирок коопсуздук андан маанилүүрөөк экенин айткан.

«Менин конкреттүү сунушум — Түркия менен убактылуу, жок дегенде жарым жылга визасыз режимди токтото туруу максатка ылайык», — деген ал.

Кимдин ал айткандары коомдук резонанс жараткан — интернеттин кыргыз сегментинин айрым колдонуучулары Кимдин сунушуна каршы чыгышып, анын кызматтан кетирилишин талап кылышкан.

Кимдин ал билдирүүсүнөн эки күн өткөндөн кийин Туризм департаментинин башчылыгына жаңы гана дайындалган Акылбек Жаманкулов орун басарынын сөздөрүн четке кагып, анын сунушунан баш тарткан.

«Михаил Ким бул боюнча жеке өзүнүн пикирин билдирген. Бул өлкөнүн жана биздин республиканын өкмөтүнүн расмий позициясы эмес. Азырынча бизде Түркия менен бир тараптуу негизде визасыз режимди бузуу боюнча позиция жок», — деп билдирген Kloop.kgге курган маегинде Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жаңы директору Азамат Жаманкулов.

Ал Ким жалпы департаменттин атынан айтышы мүмкүн болгонун, бирок «Азаттык» радиосуна курган маегинде ал «жеке пикирин» билдиргенин айткан.

Жаманкуловдун өзү Түркия менен убактылуу виза режимин киргизүү «мүмкүн эмес болушу ыктымалдыгын» айтуу менен бул дагы анын жеке пикири экенин белгилеген.

«Биз — Түркия менен бир тууган элдерденбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана социалдык интеграциялар боюнча ал биздин республикада лидерлердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан биз мындай кадамдардын ал мамилелерге таасир этишин каалабайбыз», — деп эсептейт ал.

Буга чейин департаменттин башчысынын орун басары Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстанда визасыз режим жоюлбай тургандыгын, анткени ал өлкө үчүн «пайдасыз» экенин билдирген.

«Эң көп дегенде бир катар өлкөлөр менен Кыргызстанга визасыз кирүү тууралуу келишимдер убактылуу токтотулушу мүмкүн», — деп билдирген Ким.