Еврокомиссия 2016-жылдын жайында Украина менен Грузиянын жарандары үчүн визалык режимди жоюуга даяр, деп билдирүүдө Die Welt немис гезити. Буга чейин мындай кадамды Европалык парламенттин депутаттары да колдошкон.

Die Welt Брюсселдеги жогорку кызматтагы чиновникке шилтеме жасоо менен 15-декабрда Европалык комиссия отчет берип, анда визаларды жоюу үчүн Украина менен Грузиянын аракеттерине жакшы баа берилерин жазды.

«Андай баа Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн визалык режимди жоюуга макул болуусуна шарт түзөт», — деп жазды «РБК Украина» немис басылмасына шилтеме жасап.

Аны менен катар гезит 2016-жылдын жазына чейин эки өлкөнүн тең бийлиги айрым тармактардагы, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдөгү иштерди жакшыртуулары керектигин белгилеген. Эгер отчет жактырылса, анда визасыз режим 2016-жылдын ортосунан тарта иштеп баштайт.

«Корреспондент.net» украин басылмасы дагы Брюсселдеги дипломатка шилтеме жасоо менен Евробиримдиктин визаларды жоюушуна Украинадагы коррупцияга каршы күрөштүн жакшырышы башкы себептердин бири болорун билдирүүдө.

«Ал баага жараша жана Украинадагы реформалардын жалпы жетишкендиктерин, Киевдин коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттерин эске алуу менен Европа биримдигинин кеңеши визалар боюнча андан аркы чечимдерди кабыл алат», — деп жазган «Корреспондент.net» өз булагынын айткандарын.

Коңшулаштык жана кеңейүү маселелери боюнча европалык комиссар Йоханнес Хан «Европейская правда» гезитине курган маегинде Украина Брюсселге азыркы тапта керек болгон «бардык материалдарды» бергендигин айткан.

«Биз бул теманы [визаларды жоюу] дайыма талкуулап келебиз, бирок азыр Украина ушул тапта зарыл болгон жана мүмкүн болгон бардык материалдарды берди. Менде процесс туура багытта жүрүп жатат деген ишеним бар», —деп жазды «Европейская правда» Хандын айткандарын.

«Сегодня.ua» интернет басылмасынын маалыматы боюнча, Хан 19-ноябрда Еврокомиссиянын украиналыктар үчүн визасыз режимди киргизиши үчүн Украина «дагы көп иштерди аткаруучу керектигин» айткан.

«Дагы көптөгөн иштерди аткаруу керек болгону менен Украина туура жолдо бара жатат. Биз визасыз режимди алуу үчүн эмнелерди кылуу керектиги боюнча украин бийлигине так талаптарды койдук», — деген анда еврокомиссар.

«Сегодня.ua» Киевде визасыз режим тууралуу так жооптун 2015-жылдын аягына чейин алынышын күтүп жаткандыктарын билдирүүдө.

Визаларды жоюу 2016-жылдын 1-январында күчүнө кире турган Украина менен Евробиримдиктин ортосундагы эркин соода жүргүзүү тууралуу келишимге кошумча толуктоо болот. Ал келишим Орусиянын каршы болгонуна карабастан кабыл алынган болчу.

Мурдараак, 3-декабрда Европа парламентинин мүчөлөрү украин жарандары үчүн визаларды жоюу чакырыгы жазылган катын жарыялаган болчу.

Ошондой эле каттын төмөн жагына Европа кеңешинин башчысы Дональд Тусктун, Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкердин, чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Европа биримдигинин жогорку өкүлү Федерик Могерининин жана еврокомиссарлар Димитрис Аврамопулос менен Йоханнес Хандын колдору коюлган.

Украина менен Грузиянын жарандары үчүн визаларды жоюу тууралуу билдирүү Түркиянын жарандары үчүн визасыз режим киргизүү ыктымалдыгы тууралуу белгилүү болгондон бир аптадан кийин пайда болду.

Түрк премьер-министри Ахмет Довутоглу менен Европа биримдигинин жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Анкарадан чек аралардагы көзөмөлдү жана Ооганстан, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн качкындарды кабыл алууну күчөтүү талап кылынган.