Таасирдүү «Бизнес Инсайдер» онлайн-журналы 2016-жылы туризм үчүн сунушталган өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстанды биринчи орунга жайгаштырды.
«Бизнес Инсайдер» 2016-жылга 12 туристтик багыттан турган тизме түздү. Ал тизмеде Кыргызстан сап башына жазылган.
«Өлкө жашыл фондо ак чекиттер сыяктанып тигилген боз үйлөрү, бийик тоолорундагы чөптөрү, жайлоолору, көздүн жоосун алган Марко Поло койлорун издеп жөө, велосипедчен жана атчан сейилдөөсү менен өзүнө тартып турат», — деп жазган автор.
Басылма жапайы пейзаждар Кыргызстандын «экинчи жүзү» экенин белгилеп, борбору Бишкек Тянь-Шандын «асман тиреген тоолорунун» этегинде жайгашканын жазган.
«Бизнес Инсайдердин» авторунун пикиринде, Бишкек «жакшы кийинген» жергиликтүү жашоочулар ыкылас коюп «базарлардагы колбаса, бал жана йогурттун» катарларын кыдырып жүргөн салтуу эмес, башкалардан айырмаланып турган шаар болуп эсептелет.
«Жаңы жол көрсөткүчтөр өз ичине Соң-Көлдүн үстүнөн учуу менен эңкейиште жайгашкан боз үйдө жашоону камтыйт. Эгер силер андай шартта жашоону билсеңер, анда Борбордук Азияда жайгашкан бул өлкөдө жеткиликтүү баада эс ала аласыңар», — деп жазган басылма.
Кыргызстандан сырткары «Бизнес Инсайдердин» тизмесине дагы 13 өлкө киргизилген:
2) Папуа — Жаңы-Гвинея;
![Сүрөт: Barry Peters / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-4296887173_86c2f0f291_o.jpg)
3) Монголия;
![Сүрөт: Bernd Thaller / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-23519196145_e2a502c963_k.jpg)
4) Арктика алкагы: Исландия, Гренландия жана Норвегия;
![Сүрөт: Moyan Brenn / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-23519196145_e2a502c963_k1.jpg)
5) Мадагаскар;
![Сүрөт: Frank Vassen / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-23519196145_e2a502c963_k2.jpg)
6) Тайвань;
![Сүрөт: Kah-Wai Lin / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-5217227201_2039d79fc8_o.jpg)
7) Иран;
![Сүрөт: David Stanley / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-8754607996_4d3dff000e_o.jpg)
8) Уганда;
![Сүрөт: J J / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-3578416392_c6e026db1e_o.jpg)
9) Гайана;
![Сүрөт: Allan Hopkins / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-8533551503_a838a9d189_o.jpg)
10) Габон;
![Сүрөт: jbdodane / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-11599199393_71d434ebd5_k.jpg)
11) Жапония;
![Flickr.com: mariusz kluzniak / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-14536971751_77833884e5_k.jpg)
12) Глэйшер улуттук паркы, Аляска, АКШ.
![Сүрөт: Anita Gould / Flickr.com](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/12/1-6882849_b132a3db84_o.jpg)
Онлайн-басылма үчүн тизмени мурда Би-би-синин жаңылыктарынын алып баруучусу болуп иштеген, учурда «Си-Эн-Эн», «Би-би-си Саякат» телеканалдары жана «Хаффингтон Пост» жаңылыктар сайтына жазып жүргөн Аниша Шах түзгөн.