Эл аралык «Moody’s» рейтинг агенттиги Кыргызстандын өкмөтүнө «туруктуу» божомол менен «В2» кредиттик рейтингин ыйгарды. Агенттик кыргыз өкмөтүнө суверендүү рейтинг берген тарыхтагы биринчи изилдөөчү уюм болду.

«Moody’s» агенттиги кыргыз өкмөтүнүн насыя төлөөгө кудуреттүүлүгүн изилдөөнү аяктагандыгы тууралуу 9-декабрда билдирди. Анын жыйынтыгы менен агенттик Кыргызстанга «туруктуу» божомол менен «В2» рейтингин ыйгарды, тактап айтканда, бул баа кийинки отчетко чейин бир деңгээлде калат.

«В» классындагы карыз милдеттенмелери чайкоочулук жана жогорку насыя тобокелдигине оңой кабыла турган категория катары каралат.

«Moody’s» — эл аралык ири үч рейтинг агенттигинин бири. Ал 1909-жылы негизделген.

Агенттикте өлкөнүн насыя төлөө кудуреттүүлүгүн баалоонун тогуз баскычы бар — эң жогорку «Aaa»дан эң төмөнкү «C»га чейин.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөрдүн институту буга чейин билдиргендей, кредиттик рейтинг Кыргызстандын узак мөөнөттүү чет элдик инвестицияларды жакшы шарттарда тартуусуна мүмкүндүк берет — азыр инвестициялардын деңгээли «төмөн», а чет өлкөлөрдөн насыя алуу кымбат.

Институттун анализинде кредиттик рейтинг өкмөткө, Кыргызстандагы банктар менен бизнеске эл аралык каржы уюмдарынан жакшы шарттарда инвестицияларды жана насыяларды төмөнкү пайыздык комюдар менен алууга жардам бере тургандыгы жазылган — өз кезегинде бул калкка насыя берүү үчүн пайыздык чендин төмөндөтүлүшүнө таасир этиши мүмкүн.

Агенттиктин пресс-релизинде рейтингге төрт себеп таасир эткени жазылган:

• Кыргызстандын «алсыз» жана кичинекей, бирок тез өсүп жаткан экономикасы Орусиядагы эмгек мигранттардын которгон акчаларына жана алтын сатууга абдан көз каранды;
• өтө алсыз мамлекеттик башкаруу мамлекеттик институттардын алсыздыгын жаратат, бирок агенттик маалыматтардын ачыктуулугунун жогорку деңгээлин белгилейт;
• Кыргызстандын өкмөтүнүн салык туруктуулугунун орточо деңгээли салыштырмалуу жогору болгон мамлекеттик карыз жана ийкемдүү бюджеттик баланс (кирешелер менен чыгашалардын айырмасы) менен теңделип турат, анткени карыздардын көбү ири инвестициялык долбоорлор менен минералдык ресурстар кендерине алмашууга болжолдонгон;
• банктардын жогорку долларлашканынан жана саясий системанын өзгөрмөлүүлүгүнөн улам өлкө өкмөтүнүн күтүүсүз тобокелдиктерди кабылдоочулук деңгээли.

Агенттик ошондой эле башка үч көрсөткүчкө да рейтингдик баа берген: жергиликтүү валютадагы кыргыз мамлекеттик облигациялары менен депозиттерге («Ba3″), чет өлкөлүк валютадагы мамлекеттик облигацияларга («Ba3″) жана чет өлкөлүк валютада салынган акчаларга («B3″).

Кредиттик рейтинг

Кредиттик рейтинг — бул жеке адамдын, компаниянын же өлкөнүн насыя төлөө кудуреттүүлүгүнүн чеги. Ал потенциалдуу инвесторлор менен насыя берүүчүлөрдүн акча берип жана аны алуудагы тобокелдиктердин ыктымалдыктары тууралуу билүүлөрүнө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан «Moody’s» агенттигинин кредиттик рейтингин алган Борбордук Азиядагы экинчи өлкө болуп калды — Казакстандын рейтинги «туруктуу» божомолдор менен «Baa2ни» түзөт.

Экономист Искендер Шаршеев Kloop.kgге курган маегинде «B2» кредиттик рейтингинин ыйгарылышы — алар кыргыз экономикасын «анча ишенимдүү эмес», бирок орточо көрсөткүчтөгү экономика деп эсептей тургандыктарын түшүндүрөрүн айтты.

«Бул бардык инвесторлорго экономика туруктуу өнүгүп жатканы тууралуу ачык эскертүү — ал орточо, акча анчалык көп эмес жана негизинен анча ишенимдүү эмес [экономика] деген», — деп эсептейт Шаршеев.

Анын пикиринде, ири инвесторлор Кыргызстандын экономикасынын анчалык чоң эместигинен улам өлкөнүн рыногуна киришпейт, а орто деңгээлдеги инвесторлор ага «кызыгуулары мүмкүн».

«Рейтингдерди кармап туруу зарыл»

Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылдын августунда эки эл аралык рейтинг агенттигине — «Moody’s» жана «Standard & Poor’s» — суверендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу боюнча буйрутма берген.

Анда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Арланбек Өмүрзаков «Азаттык» радиосуна курган маегинде ар бир агенттиктин баасы үчүн 70-80 миң АКШ доллары кеткенин айткан — ал эки буйрутманы тең Азия өнүктүрүү банкы төлөгөн.

«Өтө жогорку рейтингдер болот деп ойлобой эле коюу керек», — деген анда Өмүрзаков.

Анда «Росинбанктын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары жана Улуттук банктын мурдагы башчысы Улан Сарбанов Кыргызстан кредиттик рейтинг алууга «даяр эмес» экенин айткан.

«[Кыргызстандын экономикасындагы] абал рейтингдин жыйынтыктары жакшы болбостугун көрсөтүп турат. А төмөнкү суверендүү рейтинг жакшы эч нерсе деле бербейт. Рейтинг алууга болот, бирок аны түшүрбөй кармап туруу да керек», — деп билдирген анда Сарбанов.

Бирок айрым эксперттер Улуттук банктын мурдагы башчысынын көз карашы менен макул болбой, өлкөнүн кредиттик рейтингинин жок болушу төмөнкү баадан да начар экенин айтышкан.

Кредиттик рейтингди алуу менен өлкө банк насыяларынын пайыздык коюмдарынын төмөндөшүнө жете алат.

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Прибалтика өлкөлөрүнүн рейтинги эң жогору. «Moody’s» агенттигинин баасы боюнча, Орусиянын кредиттик рейтинги — Ba1.

Рейтингдер «A», «B», «C» тамга белгилерине ээ. Moody’s ар бир жалпы категорияга — «Аа»дан «Саа»га чейин — сандардан турган 1, 2 жана 3 деген өзгөрткүч кошот.

1 өзгөрткүчү берилген милдеттеме жалпы рейтинг категориясынын жогорку бөлүгүндө турарын көрсөтөт; 2 өзгөрткүчү ортоңку диапазондогу абалды көрсөтөт; 3 өзгөрткүчү милдеттеме жалпы рейтинг категориясынын төмөнкү бөлүгүндө экенин көрсөтөт.