Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев дайындалды.

10-декабрда премьер-министр Темир Сариев Жээнбековду кызматтан алып, анын ордуна Сарыбашевда дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. «Кабар» агенттиги билдиргендей, Жээнбеков башка жумушка которулгандыгына байланыштуу» кызматтан кетти.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев Таалайбек Сарыбашевди Ош облустук администрациясынын кызматкерлерине тааныштыргандыгы айтылууда.

Сарыбашев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганга чейин 2012-жылдан бери Алай районунун башчысы кызматында иштеп келген.

Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

Акимдик кызматка болгон жарышта Сарыбашев райондун мурдагы башчысы Алмазбек Осмоновдон болгону бир гана добуш көп алган.

Сарыбашев Кытайдан товарларды ташып келүү үчүн пайдаланылган Ош-Эркештам унаа жолу тосулганда нааразы болгондор менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөндүгү менен белгилүү.

Төраганын бир тууганы

Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдан бери Ош облусунун башчысы кызматында иштеп келген, алгач облустун губернатору, андан кийин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы.

«Кто есть кто?» порталынын маалыматы боюнча, Жээнбеков — кесиби боюнча зооинженер — өзүнүн саясий карьерасын Эл өкүлдөрүнүн жыйынынын биринчи чакырылышына шайланган 1995-жылы баштап, анын кийинки чакырылышында жыйындын төрагасынын орун басары болгон.

2007-жылы жети ай айыл чарба министри кызматында иштеген.

Ош облустук милициясынын мурдагы начальниги Абдылда Капаров Жээнбековду 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулар маалында Ош облусунда тартип орнотуу үчүн бөлүнгөн үч миллион АКШ долларын өзүнө алып алган деп айыптаган.

Бирок 2014-жылдын майында Капаров айткандарын сотто далилдеп бере албай, ал билдирүүсүн четке кагып, 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

2013-жылы — губернатор институту жоюулуп, анын ордуна облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кызматы пайда болгондон бир жылдан кийин — Жээнбеков ал өзгөртүүлөрдүн жоюлушу керектигин билдирип чыккан. Анын айтымында, анткени облус башчылары «бир катар көйгөйлөргө кабылышкан».

«Биринчиден, алты ай бою облус башчыларынын ыйгарым укуктары тууралуу мыйзамга кол коюлган эмес. Бирок ага карабастан биз өз милдеттерибизди аткаруубузду уланттык. Андан сырткары бизди көптөгөн ыйгарым укуктарыбыздан ажыратышкан. Маселен, биз коңшу облус жетекчилери менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол кое албай калганбыз. Өз кезегинде бул аймакка инвестицияларды тартууга терс таасирин тийгизген», — деп билдирген анда ал.