2005-жылдан бери Германияны башкарып келе жаткан Ангела Меркель абройлуу «Тайм» журналынын версиясы боюнча грек экономикалык каатчылыгы, мигранттардын агымы жана Париждеги теракттар шартында жүргүзгөн саясаты үчүн «Жылдын адамы» деп табылды.

9-декабрда америкалык «Тайм» журналынын башкы редактору Нэнси Гиббс Германиянын канцлери Ангела Меркель «Жылдын адамы» деп табылганын билдирди.

«Лидер үчүн качан адамдар анын артынан барууну каалабаган учурда сыноо башталат,— деп билдирди ал.— Ангела Меркель «Тайм» журналы тарабынан «Жылдын адамы» деп табылды, анткени ал өз өлкөсүнөн башка саясатчылар батынбаган кыйла көп аракетти талап кылды, ал катаалдыкка каршы чечкиндүү болду, ошондой эле дүйнөдө бекем моралдуу жетекчиликти камсыз кылды», ― деп жазды Гиббс «Тандоо» деген теманын астындагы редакциялык тилкеге.

Меркель финалдык тандоодо «Ислам мамлекетинин» лидери Абу Бакр аль-Багдадиден, АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптан, Орусия президенти Владимир Путинден, трансгендердүү аял Кейтлин Женнерден, Ирандын президенти Хасан Руханиден, «Uber» компаниясынын негиздөөчүсү Трэвис Каланикадан жана афроамерикалыктардын укуктарын колдогон «Black Lives Matters» кыймылынан ашкан.

«Таймдын» башкы редактору Меркелдин саясий стили анын таптакыр жоктугунда болгонун түшүндүргөн.

Гибсондун айтымында, 2015-жылы Европанын андан ары бирдиктүү болуп туруусунан күмөн санатчу дароо үч ири себеп болгон ― маданий жана географиялык мааниде эмес ― а мамлекетти башкаруу боюнча амбициялуу тарыхый эксперимент маанисинде.

«Бул жолкусунда Грециядагы дефолт ыктымалдыгы евроаймактын бүтүндүгүнө коркунуч жаратып турган. Мигранттар менен качкындардын агымдары ачык чек аралар саясатын солгундатып, Париждеги теракттар бардык эшиктердин жабылып, дубалдардын курулушунун жана бардык нерсеге ишенбестиктин себеби болуп калмак», ― деп түшүндүргөн «Таймдын» башкы редактору.

Гиббс жогоруда айтылган окуялардын фонунда Меркель «жаңы улуттук иденттүүлүктүн» пайда болушуна түрткү болду, «Германиянын күчү менен кубатын талкалоо үчүн эмес, а келечек үчүн колдонууга болорун көрсөтүү менен» ал «гумандуулугун, берешендигин жана толеранттуулугун» көрсөттү деп эсептейт. Башкы редактор Меркель ал каатчылыктарды дайыма «бир кол шилтөө» менен чечип келгенин кошумчалаган.

«Тайм» эки күн мурда «Жылдын адамын» тандаган колдонуучулардын добуштарын кабыл алууну токтоткон. Ал сурамжылоонун лидери болуп демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Берни Сандерс табылган. Ал жалпы добуштардын 10,2 пайызына ээ болгон.

Пакистандык укук коргоочу Малала Юсуфзай андан дээрлик эки эсе аз добуш алып экинчи сапка жазылган. Үчүнчү орунду добуштардын 3,7 пайызына ээ болгон Рим папасы Франциск II алган.

2014-жылы «Тайм» журналы «Жылдын адамы» деп Батыш Африкадагы Эбола оорусуна каршы күрөшкөн медиктерди атаган болчу.