Жол милициясы эреже бузган айдоочуларды атайын таануу белгилери жок автоунаалардан жашыруун видеого тартат — бул тууралуу ИИМ башчысы «Коопсуз шаар» долбоорун тааныштыруу маалында билдирди

Жолдогу эреже бузгандарды аныктоо үчүн атайын мобилдик топтор таануу белгилери жок автоунаалар менен көчөлөрдү кыдырып, жашыруун видеого тартып башташат, деди 10-декабрда ИИМ башчысы Мелис Турганбаев.

«Мобилдик топ [стационардык камераларга караганда] эреже бузгандарды көбүрөөк аныктайт. [ЖККнын мобилдик топтогу] кызматкер унаадан чыгып аларды кармабайт, а болгону бардык эреже бузууларды каттайт, ал жактан камералар аркылуу маалымат системага келет да айып төлөтүлөт», — деди министр.

Мобилдик топтордон сырткары көчөлөрдөгү кыймылды тирөөчтөргө орнотулган стационардык камералар да видеого тартып турушат.

Азырынча система министрлик тарабынан пилоттук тилкелерге гана киргизилет. Аны айып катары айдоочулардан түшкөн акчанын жардамы менен өнүктүрүп, жайылтууну пландап жатышат.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча кыргыз кесиптештерине жардам берип жаткан Молдавия ИИМинин өкүлү камералар эреже бузууларды радарлардын жардамысыз эле каттай тургандыктарын айтты.

«Аларга атайын софттор орнотулган, алар бир секунддун ичинде эле көптөгөн кадрларды жасап, аралык менен убакытка ээ болуу менен унаа ылдамдыгын математикалык формула боюнча эсептеп чыгат», — деди.

Молдавия ИИМинин өкүлүнүн айтымында, инспекторлорго караганда автоматташтырылган система көбүрөөк эреже бузууну аныктайт.

Айып төлөө тууралуу билдирүүлөр эреже бузган айдоочуларга почта аркылуу жөнөтүлөт — айып пул билдирүү алгандан кийин бир ай ичинде төлөнүшү керек.

Ошондой эле камералар автоунаанын ичиндеги инспекторлорду да видеого тартып, үн сигналдарын берип турат — Молдавия ИИМинин өкүлү мындай жол менен коррупцияга жана дисципплинардык мыйзам бузууларга каршы күрөшүүгө болорун айтты.

Анын айтымында, мындай система орнотулгандан кийин Молдавияда жол кырсыктарынын саны эки эсеге азайган.

«Коопсуз шаар»

Кыргызстандын өкмөтү «Коопсуз шаар» долбоорун 2014-жылдын жайында демилгелеген.

Ал боюнча өткөрүлгөн биринчи тендердин жыйынтыктары жокко чыгарылып, экинчиси жарыяланган. Анын жыйынтыгы 2015-жылдын январында чыгарылып, «Стилсофт Бишкек» кыргыз-орус компаниясы жеңүүчү болуп табылган.

Мартта министрлик тендердик комиссияга карата сотко доо арыз жазган — мекеменин маалыматы боюнча, «Стилсофт» тендердин талаптарынын бирине жооп бербейт — компаниянын мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы жок болгон.

Бишкекте долбоордун сыноосу бир жыл мурда башталган. ИИМ аны Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Бишкек — Каракол жана Бишкек — «Манас» аба майданы унаа жолдорунда ишке ашырууну пландап жатат.

Долбоор боюнча, көзөмөл камералары көчөлөргө гана эмес, а сейил бактары жана башка эс алуу жайларына да орнотулат.

Сүрөт: Айбек Баратов