Ыкчам топтун кызматкерлери террорчу болушу мүмкүн болгон эки адамды атып өлтүрүштү. Болжолдуу түрдө алардын ушул жылдын ноябрынын аягында өлтүрүлгөн милиционердин өлүмүнө тиешелери бар болгон.

Участкалык милиционердин өлүмүнө шектелгендерди колго түшүрүү боюнча операция 10-декабрь күнү кечинде Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунда өткөрүлдү.

«Колго түшүрүү маалында кылмышкерлер куралдуу каршылык көрсөтүшүп, жыйынтыгында өлтүрүлүштү», — деп жазылган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

УКМКнын маалыматы боюнча, жарандык адамдардын арасында курмандыктар жок. Операциянын жүрүшүндө атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин бирөөсү октон жарадар болгон — азыр анын абалы «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Мекемеден билдиришкендей, атылып өлтүрүлгөндөрдүн экөөсүнүн тең «бир нече өзгөчө оор кылмыштарга» жана Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн участкалык милиционери Актилек Абдувалиевдин өлүмүнө тиешелери бар.

Абдувалиев 19-ноябрда Бишкектин 8-кичи районунда эки «шектүү адамдын» документтерин текшерүү аракетин көргөн маалда атылып өлтүрүлгөн.

УКМКнын басма сөз кызматынын пресс-релизинде Абдувалиевдин өлүмүнө шектелгендердин экөөсү тең Тариэль Жумагулов башкарган топ менен «туруктуу байланышта болушкандыгы» белгиленген. Тариэль Джумагулов — 2015-жылдын июлундагы операция маалында атып өлтүрүлгөн «Ислам мамлекетинин» «террорчуларынын» бири.

УКМК атылып өлтүрүлгөндөр Бишкекте жана Чүй облусунун аймагында теракттарды жасоону пландап жүрүшкөндүгүн кошумчалады. Мунун чоо-жайын билүү үчүн мекеменин басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Участкалык милиционердин өлтүрүлүшү

Жергиликтүү ЖМКлар билдиришкендей, Абдувалиев «велосипедчен эки шектүү адамдын» документтерин текшерүүгө аракет кылган.

«Алар баш тартышып, каршылык көрсөтүшкөн. Участкалык милиционер рация аркылуу жардамга чакырып баштаган, ошол маалда эки кишинин бирөөсү милиционерди атып жиберген», — деп жазган анда «АКИпресс» маалымат агенттиги.

Анда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Абдувалиев «бир нече жолу уурулук кылууга» шектелгендердин документтерин текшерүүгө аракет кылгандыгын билдирген болчу.

«Террорчуларга каршы операция»

УКМКнын «террорчуларга каршы операциясы» 2015-жылдын 16-июлунда Бишкектин борборунда өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө Жумагулов өлтүрүлгөн болчу — анда жалпысынан шаардын борборунда жана чет жакасында үч атайын операция өткөрүлгөн.

Анда атайын кызматтагылар сегиз «согушкерди» өлтүрүп, дагы жетөөсүн колго түшүрүшкөн — кийинчерээк УКМКдан алардын баары тең Казакстандын эки жараны — Альберт Абхин менен Жанбулат Амиров тарабынан түзүлгөн «Ислам мамлекетинин» жергиликтүү уячасынын мүчөлөрү болушкандыгын билдиришкен.

УКМКнын маалыматы боюнча, анда өлтүрүлгөн жана колго түшүрүлгөн «согушкерлер» эки теракт жасаганы жатышкан — 17-июлда Айт намазы маалында Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында, ошондой эле Канттагы Орусиянын авиабазасында.