Кыргызстан Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде рекорддук, 108-орунга чейин көтөрүлдү. ФИФА бүткүл дүйнөлүк футбол күнүнө карата 2015-жылы кыргыз улуттук командасынын жетишкендиктерин белгилеген редакциялык макала чыгарган.

Макаланын түп нускасы ФИФАнын сайтына жарыяланган. Котормо: Kloop.kg.

Кыргызстан ФИФАнын декабрдагы рейтингинде континенттеги мыкты жыйынтыкты көрсөтүп, 16 позицияга көтөрүлүү менен 108-орунга чыгып бүтүндөй Азияны таң калтырды.

Азиядагы курамалар үчүн бул тынчты алган ай болгонун эске алганда (Иран, Жапония, Корея Республикасы өз позицияларын жоготкон), команданын рейтингдеги эң жогорку жетишкендиги кыйла көрүнүктүү болууда.

Албетте, мындай секириктин башкы кыймылдаткыч күчү катары кураманын 2018-жылда болчу дүйнөлүк биричиликтин тандап алуу беттештеринин алкагында Иорданияга каршы өз талаасында өткөргөн жеңиштүү оюнун айтууга болот.

Ал беттеште Бишкекке Австралия менен Тажикстанды жеңип, «В» тобунда биринчи орунга чыккандан кийин барган коноктор талашсыз фаварит болушкан.

Талаа ээлери Аммандагы биринчи оюнда тең чыгууга жетишкени менен өз талаасындагы беттешти кыйла ишенимсиз баштаган.

Күтүлгөндөй эле оюндун алгачкы мүнөттөрү Иордания курамасынын басым жасоосу менен башталды. Талаа ээлери болсо жакшы коргонуп, кооптуу контрчабуулдары жасап жатышты.

Беттештеги бурулуш учур экинчи тайм башталгандан үч мүнөттөн кийин болду: Антон Землянухин — кыргыз курамасынын жана Сербиянын «Раднички» футболдук клубунун жарым коргоочусу — оюндагы жалгыз голду киргизди — бул ал күндөгү беттештердин талашсыз күтүлбөгөн окуясы болуп калды.

Күжүрмөн духту көтөрүү өнөктүгү

Акыркы беттештеги чоң ийгилик Кыргызстанга өз тайпасында Австралия менен Иорданиядан кийинки үчүнчү орунду сактап калууга мүмкүндүк берди; ал тайпада ошондой эле Тажикстан жана Бангладеш курамалары да бар.

Учурда Кыргызстан өзүнүн башкы максаты — 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу беттештерине өтүүгө болгон аракетин көрүп. ыкыласын койгон.

Кыргыз курамасы глобалдуу рейтингде 2018-жылда өтчү дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн алгачкы беттешиндеги укмуштуудай жеңишинен кийин жогору көтөрүлө баштаган — июндагы ал оюнда Бангладеш 1:3 эсебинде жеңилүү ызаасын тартып, ал жыйынтык Кыргызстанды ФИФАнын рейтингинде 157-орунга чейин көтөргөн.

Өз талаасында Австралияга утулганы менен (1-2) Кыргызстан Иордания курамасына каршы беттешинде тең чыгууга жетишип, октябрда 146-орунга көтөрүлгөн.

Ошол эле айда кыргыз курамасы Тажикстан менен тең чыгып (2-2), андан соң өз талаасында Бангладештин үстүнөн жеңишке жетүү менен (2-0) рейтингдеги позициясын бекемдей алган. Команда башкы секирикти жасап, кураманын тарыхындагы эң жогорку позицияга жетээрдин алдында 22 сапка көтөрүлүп, ФИФАнын рейтингинде 124-орунга жайгаштырылган.

«Күчтүү атаандаштар менен болгон беттештердеги ийгиликтери үчүн командага рахмат — бизге өлкө боюнча көбүрөөк көңүл бурула баштады. Бизге өкмөт, ЖМКлар менен фанаттар мурдагыдан көбүрөөк көңүл буруп калышты, а чет өлкөлүк клубдар кайрадан биздин оюнчуларга кызыгып башташты», — деди Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов.

«Баары тең биздин кантип жакшы жыйынтыктарга жетип жатканыбызды гана эмес, ошондой эле кандай ойноп жатканыбызды да көрүп атышат, — деп кошумчалады ал. — Биз башкалар иштеп жатканда өтө узак убакыт чээнде жаттык. Андыктан кайрадан жарышка кайтып келүүгө убакыт келди».

Чет өлкөдөгү легионерлер

Кыргызстандын Футбол федерациясынын башчысы белгилегендей, чет өлкөлөрдөгү легионерлер — ийгиликтүү жыйынтыктар үчүн болгон жарыштардагы башкы оюнчулар.

Команданын Иорданияга каршы жеңиштүү беттешинде оюн талаасына чыккан старттык курамда чет өлкөлүк клубдарда ойногон тогуз оюнчу бар болгон. Өзгөчө Мальдив аралдарында ойногон дарбазачы Павел Матяш менен Бахрейндин «Ситра» клубунун оюнчусу, улуттук кураманын капитаны, тажрыйбалуу коргоочу Азамат Байматов.

Тайландда ойногон Эдгар Бернхардт команданын оюнун ортоңку бөлүккө жылдыруу менен чабуулга өтчү жарым коргоочуларга — Түркия чемпионатында ойногон Мирлан Мурзаев менен Германиянын «Нюрнберг-2» клубунда ойногон Виталий Люкска жардам берет.

Бирок Сербиянын «Раднички» клубунун оюнчусу Землянухин өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Ал төрт голу менен тандап алуу беттештеринде кыргыз курамасы үчүн эң көп гол киргизген оюнчусу болуп эсептелет.

26 жаштагы Землянухин тандап алуу оюндарындагы алгачкы беттеште Бангладеш курамасына эки топ киргизген. Андан кийин Тажикстан менен болгон оюнда финалдык ышкырык жаңыраар алдында он бир кадамдык айып соккусун ийгиликтүү аткарып, эсепти 2:2ге жеткирүү менен кыргыз курамасын жеңилүү ызаасынан куткарган. Иорданиялыктарга каршы жооптуу беттештеги голу болсо кыргызстандыктарга жеңиш алып келген.

«Алар [чет өлкөлүк легионерлер] командага эл аралык беттештерге катышуу тажрыйбасын кошушту. Алар командага жакшы таасир беришти», — деп эсептейт Кыргызстан курамасынын орусиялык башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.

«Ал ортодо биз өлкөдө жаштар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу менен узак мөөнөттүү пландын үстүнөн иштешибиз керек. Жергиликтүү клубдарда ойногон оюнчуларыбыз абдан таланттуу жана алардын потенциалы чоң. Мен алардын келечектеринин жаркын болоруна ишенем», — деп кошумчалады ал.