«Спайс» катары белгилүү синтетикалык маңзаттарын жасоо үчүн колдонулган психотроптук заттар менен формулаларга 2015-жылдан декабрынын ортосунан баштап тыюу салынат.

Синтетикалык аралашмаларга тыюу салуу тууралуу токтом өкмөттүн сайтына 10-декабрда жарыяланды — премьер-министр Темир Сариев ага 4-декабрда кол койгон.

Расмий түрдө документ «Кыргыз Республикасында көзөмөлгө алынышы керек болгон маңзаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор тууралуу» өкмөттүн токтомуна кошумчалоо болуп эсептелет. Ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анда 86 формула келтирилген. Алардын ичинде JWH дары-дармегинин дээрлик 30 түрүндө колдонулган формулалар да бар — ал «спайс» деген ат менен белгилүү синтетикалык аралашмаларды даярдоодо пайдаланылат.

«[…] адамдарга колдонууга тыюу салынган, Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү болбогон жана Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө кое берүүгө тыюу салынган психотроптук заттар», — деп жазылган токтомдо.

Өкмөттүн спайска тыюу салуу тууралуу токтому

Өкмөттүн токтому Бишкектеги дубал беттеринде «спайстын» сатыла тургандыгы жөнүндөгү алгачкы жарыялар пайда болгондон 10 айдан кийин чыкты. «Спайс» — дүйнөнүн 30 өлкөсүндө, анын ичинде АКШ, Европа жана Орусияда тыюу салынган синтетикалык маңзаты.

Интернеттин кыргыз сегментинде «спайсты» талкуулоо ал тууралуу Kloop.kg сайтына репортаж жарыялангандан кийин башталган.

Бирок анда Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз борборунан «спайсты» даярдоо жана таратууга каршы күрөш өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин башталарын билдиришкен. Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болгон.

Анда Ички иштер министрлигинен милиция «спайска» тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканын билдиришкен.

Ошондой эле парламенттин V чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу да 2015-жылдын февралында синтетикалык аралашмаларга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кароосуна жөнөткөнүн билдирген.

Анда Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын кеңешчиси Тимур Исаков ал затты тыюу салынган маңзаты менен психотроптук заттардын тизмесине киргизүү үчүн ал бир нече факторлорго туура келиши керектигин билдирген: көз карандуулук, терс социалдык кесепет жана документтерге юридикалык киргизилиши.

Маңзатына каршы күрөшүү боюнча эксперт Александр Зеличенко Кыргызстан «спайс» 2009-жылы Орусияда жайыла баштаганда эле алдын ала чараларды көрүшү керек болчу деген пикирин билдирген.

Мартта Ички иштер башкы башкармалыгы болжол менен «спайс» тараткан адамдын кармалгандыгын билдирген. Кармалган адамдын айтымында, синтетикалык аралашмалар аларга 2015-жылдын январынан тарта Казакстандан алынып келинип баштаган.